Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы мусулмандардын укугун коргоо. Бизге Каир декларациясы туура келеби?

«Светтик» укуктун эксперттеринин көбү бул нерсе менен тааныш эмес

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясында Кыргызстан Каир декларациясын кабыл алып алды деп кабатыр болуп жатышат. Алар шарияттын мыйзамдары адам укуктары боюнча Европалык конвенцияга каршы келет деп эсептешет.

«Адам укугу боюнча ислам декларациясы 1980-жылдары кабыл алынган, ал адамдын универсалдык укуктары менен келише алган жок, анын ичинде 1990-жылы кабыл алынган Каир декларациясы да бар», - деп баса белгилейт ассамблеядагылар.
Мисалы, бейформал ислам соттору ПАСЕ тынчсыздануусун жаратат. Ал сотто эч кандай процессуалдык кепилдик жок.
«Үч мамлекеттин Каир декларациясын кабыл алып алышы аларды катуу капа кылды - алар Түркия, Албания жана Азербайжан. Буга чейин ал декларацияны Иордания, Кыргызстан, Марокко жана Палестина кабыл алган эле, алардын парламенти ПАСЕнин демократия боюнча өнөктөшү болчу», - дейт Ассамблея. Эксперт-теолог Кадыр Маликов нормалардын ортосундагы айырмачылык ар кандай баалуулуктарга болгон умтулуудан билинет дейт. Ал Vesti.kg сайтына кеп гендер жана үй бүлө тууралуу болуп жаткандыгын түшүндүрдү.

- Батыш маданияты кабыл алган эркиндик тууралуу түшүнүктү сексуалдык багытын, жынысты тандоону албетте, Каир декларациясы колдобойт, - деди ал. - Куранда кудай аял менен эркекти жаратты деп жазылган, жана аял ал жерде биринчи орундагы жаратуучу эмес. Исламда бир жыныстагы никеге жол жок. Ювеналдык юстиция деген түшүнүк жок, баланын камкордукка жана билимге укугу жөн гана жазылган. Мисалы, карыганда бала ата энесин кароо керек деп жазылган, бул эл аралык либералдык укукта жазылган эмес.

Кадыровдун сөзү боюнча, Каир декларциясы исламды кеңири масштабда түшүндүрөт. Ал стеретиптерге каршы келип заманбап болуп эсептелет: аял, эркек дебей саясий көз карашта оюн билгизүү, диний жана экономикалык көз карашын билдирүүдө бирдей каралат.

- Бар болгон каршылыктар моралдык жагынан, баалуулуктар тутумунда гана, - дейт теолог.
Биздин жергиликтүү светтик укук боюнча эксперттерибиздин Каир декларациясы менен тааныштыгы барлары аз экендиги аныкталды.

Мисалы, мурунку омбудсмен Кубат Оторбаев Каир декларациясын окубагандыгын мойнуна алды. Бирок анын эл аралык стандартка ылайык келээрин билди:

- Бардык өнүккөн мамлекеттерде адам укуктарынын белгилүү бир стандарты кабыл алынган, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Мисалы, биздин Конституция аларга толук ылайык келет. Эгерде Каир декларациясы Кыргызстандын мыйзамына каршы келбесе эмнеге кабыл алганга болбосун? Эгерде ал Конституциябыз менен кыл келишпей калса, анда бул маселени кайра карап көрүшүбүз керек.

Исламдагы адам укуктары боюнча Каир декларациясы - Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн декларациясы. Декларация адам укуктарынын исламдык көз карашын өзүнө камтыйт жана ислам мыйзамын (шарият) жападан жалгыз булак катары эсептейт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх