Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таластыктардын таламын талашты. Зарылбек Рысалиев колдоо тапкан жок

Кесиптештери депутатка премьер-министр кадрлардын кайсы аймактан экендигине эмес, анын кесипкөйлүгүнө карашы керек экендигин эскертишти

Депутат Зарылбек Рысалиев («Республика – Ата-Журт») өкмөттүн кадр саясаты менен макул эмес. Бул туурасында кечээ парламенттин жыйынында жол жана транспорт министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин карап жатышканда айтты.

«Урматтуу Кубатбек Айылчиевич, мен премьер-министрге айтайын дедим эле, бирок ал жок. Талас облусу Кыргызстандын курамындабы?», - деп сурады ал биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдон.

«Сиз өзүңүз деле эң сонун билесиз да, курамында, - деп жооп берди ал. - Таластан сиз отурасыз го. Эгер курамында болбосо, сиз отурбайт болчусуз бул жерде».

Депутат министрлер кабинетинин орун басарынан эмне үчүн кадр саясатында аймактык теңчилик сакталбайт деп сурады.

«Бардык талапкерлерди премьердин сунушу менен кабыл алып жатабыз», - деп нааразы болду Рысалиев. Боронов анын айткандарын эске алам деди. Vesti.kg сайты депутаттын сөзүнө комментарий берүү үчүн анын кесиптештерине кайрылганда, анын сөзүнө көптөрү макул болушкан жок.

Мисалы, Мирлан Жеенчороев («Республика – Ата-Журт») бардык аймактар үчүн болгон квотага каршы экендигин билгизди.

- Бул атавизм, трайбализм жана жердешчилик сыяктуу нерсе, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Кызматка иштегенди билген адам келиши керек. Тажрыйба, кесипкөйлүк туулган жерине карабайт. Бир да жетекчи туулган жерине көңүл бурбашы керек. Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») Рысалиев айтып жаткан көйгөйдүн өзү жок нерсе деди.

- Элдерди жумушка алганда кесипкөйлүк сапатына карап алыш керек, - деп айтты ал өз оюндагысын Vesti.kg сайтына. - Бир аймактын өкүлүн жумушка алып койду деп башка аймактагылардын нааразы болушу ишти артка кетирбейт. Мындай нерсени депутаттын айтышы туура эмес.
Мурдагы депутат Узарбек Жылкыбаев премьердин кесипкөйлүккө басым жасап, аймактык көз карашты артка калтырышы керек деген ойго кошулаарын билдирди.

- Мен кээ бир мамлекеттик компанияларга чет элдиктердин башчылык кылуусуна макулмун. Эгерде алардын ушул жаатта бай тажрыйбасы бар болсо эмнеге болбосун, - деп айтты ал Vesti.kg сайтына.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх