Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айнеги «караңгылатылган» айдоочуларга салынган айып пул үч күндүн ичинде жарым миллион сом болду

Бирок автоунааларга пленка чаптап берүүчү жайларга эч кандай ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлгөн жок

Кыргызстанда жолжана транспорт Министрлигинин кызматкерлери жол кайгуул милициясы менен биргеликте мыйзамсыз караңгылатылган автоунааларды кармоо үчүн кыдыруу жүргүзүп жатышат.

Үч күндүн ичинде салынган айыппулдардын жалпы суммасы 467 миң 500 сом болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР жол жана транспорт Министрлигинин алдындагы транспорттук көзөмөл агенттиги башкармалыгынын башкы инспектору Сыргак Мусаев айтып берди.

- Бүгүнкү күндө республика боюнча 155 протокол түзүлдү, - деп маалымдады ал. - Алардын 154 караңгылатылган айнек үчүн түзүгөн. Бул эреже бузууга 3000 сом айып пул салынат. Ошондой эле мыйзамсыз түрдө СГУ орнотуп алган айдоочуга 5 500 сом айып пул салынды.

Транспорт Министрлигиндегилер кыдыруу иш чарасы уланып жаткандыгын кошумчалады. Бирок адистер мыйзамсыз караңгылатууну токтото албай жатышат.

Караңылатуучу пленка чаптаган жайларга эч ким текшерүү жүргүзгөн жок.

- Бизде андай ыйгарым укук жок. Биз чара гана колдонобуз, - деп түшүндүрдү Мусаев.

Vesti.kg сайты ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы башкармалыгына комментарий үчүн кайрылганыбызда, алар караңгылатууга эч кандай тийешебиз жок деп жооп беришти.

- Караңылатуучу каражаттардын сатылышынын жана чапталышынын алдын алуу ЭКККМК милдети, биздин ага ыйгарым укугубуз жок, - деп жооп берди ЖКККМБ.

Ал эми ЭКККМК маалымат кызматы болсо комментарий үчүн жеткиликсиз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх