Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы «Газпром Кыргызстанга» 40 млн. карыз болгон документтер калкып чыкты (фото)

Газ компаниясы бир канча жолу карызыңар үчүн көгүлтүр отту өчүрөбүз деп эскертип келет. Азыр болсо пения өсүп жатат

Бишкек мэриясы «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына өз убагында жаратылыш газы үчүн карызды төлөөгө каражат бөлүп бере албай калды. Анын натыйжасында өсүп кеткен пениянын суммасы 1,5 миллион сомду түздү. Vesti.kg сайтынын редакциясына өздүк булактардан бул фактты тастыктаган документтер келип түштү.

Ошентип, келип жеткен маалыматтар боюнча, 2018-жылы бештин айынын бешинде «Бишкекжылуулукэнергонун» башкы директору Алимбек Абдылдаев мэр Азиз Суракматовго кат жолдогон. Анда жаратылыш газы үчүн 60,3 миллион сом которуу зарылчылыгы жана андан сырткары 34,8 миллион сом которууну да караштырышы билдирилген.

Бир жума өтпөй Абдылдаев кайрадан Суракматовго кат жөнөткөн, анда жаратылыш газын пайдалангандыгы үчүн айдын он бешине чейин которуу керек экендигин эскерткен.

«Эгерде өз убагында төлөнбөй турган болсо - «Газпром Кыргызстан» ЖЧК - пения коёрун жана газ берүүнү токтотот», - деп «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын директору шаар башчыга эскерткен.

фото

Дагы эки жумадан кийин, бештин айынын жыйырма алтысында, борбор шаардын мэриясына «Газпром Кыргызстан» компаниясы газ үчүн карызы бар экендиги тууралуу эскертет, ал учурда 44 миллион сомду түзгөн.

«Жылуулук берүү мезгилинде карызына карабастан ЖЧК «Газпром Кыргызстан» газ берүүнү токтотпой келет, анын ичинде социалдык маанилүү обьекттер да бар жана КИ «Бишкекжылуулукэнерго» жылуулук энергиясын калкка берип турат. Алардын арасында Муниципалдык ишканалар, билим берүү мекемелери жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоосу бар», - деп белгиленет документте.

Анткени менен «Газпром Кыргызстан» карызды 2018-жылдын бештин айынын отуз бирине чейин төлөгүлө деп суранды.
фото

Кийинчерээк, бештин айынын жыйырма жетисинде Алимбек Абдылдаев Азиз Суракматовго дагы кат жөнөткөн. Катта жаратылыш газы үчүн карыз төлөнгө жок жана айыптык санкциянын суммасы 267 миң сомду түзөт деп жазылган.

«Бул ишкананын начар иштегендигинин белгиси жана жылуулук берүү мезгилине зыяны тийип калышы мүмкүн» - деп белгилейт коммуналдык ишкананын башчысы.

Бирокмуниципалитет анда да карызды которгон жок. Айта кетүүчү нерсе, мэриянын бул карызды төлөөгө акчасы бар туруп бербей жаткандыгы. Муну казыналык бөлүмдүн башкы адисинин кызматтык каты тастыктап турат. 2019-жылы үчтүн айынын биринде мэриянын 400 миллион сому болгон. Газга төлөп коюуга мүмкүнчүлүк болгон, бирок шаар чиновниктери эмнеге төлөбөй коюшкандары белгисиз.

Белгилей кетүүчү нерсе, ЖЧК «Газпром Кыргызстанга» быйыл үчтүн айынын биринде акча которулган эмес.

«Бишкекжылуулукэнерго» КИ 2019-жылы үчтүн айынын жыйырма биринде Бишкек шаар кеңешине карыздын суммасы 111,6 миллион сом болгондугун билдирген, ал эми пения 1,5 миллионсом болгон.

Түшүндүрө кетели, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы жылуулук энергиясын иштеп чыгып сатуу менен алектенет.

Жылуулук энергиясынын орточо наркы 4100 сом 1 Гкал, калкка бекитилип берилген баасы болсо 1134,76 сом 1 Гкал үчүн.

Жылуулук энергиясынын чыныгы баасы менен Бекитилген баасынын ортосундагы айырмачылыкты шаардык бюджет төлөп берет.

Vesti.kg сайтынын өздүк маалыматтарына караганда бүгүнкү күндө Бишкек мэриясы «Бишкекжылуулукэнерго» КИ газга төлөө үчүн 80 миллион сом берген, бирок дагы 40 миллион сом карыз калып жатат. Ар бир күн сайын 35 миң сом пения өсүп жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх