Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бул чамасы, Садык Шернияздын досу окшойт?

Маданият ишмерлери Кыргыз Мамлекеттик циркинин жаңы директоруна карата өз ойлорун айтышты

Фархад Бекманбетов Кыргыз Мамлекеттик Изибаев атындагы цирктин жаңы директору болуп калды. Кыргыз Республикасынын туризм, маданият жана маалымат Министрлигинин буйругу кечээ чыкты.

Жаңы жетекчинин билими каржылык жана юридикалык. Ал жеке коммерциялык иштер менен алек болуп, бухгалтер болу да иштеген. Коомдук «Айтыш» фондунун директору болуп иштеген, азыр да «Айтыш фильм» киностудиясында продюссер.

Ошондой эле, ал «Кыргызстан кыска мераждуу фильмдердин өлкөсү»аттуу Эл аралык кинофестивалдын директору жана түзүүчүлөрүнүн бири. «Ак Илбирс» Улуттук киносыйлыгын уюштурган.

2016-жылы Бекмамбетов маданият министринин орун басары кызматын ээлеген. Бирок аны 2017-жылы бирдин айында өзүнө тийешелүү эмес милдетти аткарды деп сөгүш берип жана ошол эле жылдын бугу айында дагы ошол себеп менен кызматтан бошотушкан.
Режиссер Эрнест Абдыжапаров киноиндустрия жаатындагы иштерде Фархад Бекмамбетовду жакшы билет, ал аны «милдетин аткарбай коюп» кызматтан кетти деп уккан эмес.

- Мунун эмне менен байланышкандыгын мен билбейм, деди ал Vesti.kg сайтына. - Мен аны жеке өзү жаш, өсүп келе жаткан, таза адам катары билемин. Ал «Курманжан Датка» фильминде аткаруучу продюссердин милдетин аткарган. Бул жаатта абдан жигердүү эмгектенет.

КР эл артисти жана көрүнктүү коомдук ишмер Кумангазы Азыкбаев Бекмамбетов менен тааныш эмес экендигин айтты, ал жөнүндө бир нерсе деп айта албастыгын айтты. Биок музыкант кандайдыр бир жааттын өнүгүүсү үчүн анын ички түзүлүшүн билүү керек жана ушул түшүнүк ага тажрыйба алып келет.

- Бекмамбетов, «Курманжан Датка» фильминин продюссери - чамасы, Садык Шерниязовдун досу окшойт? - деди Азыкбаев Vesti.kg сайтына.

- Эгерде ал ийкемдүү болсо, демек анын ичинде иштейм деген угуту кайнап турат, албетте, иштей берсин. Бирок мен ошентсе да өзүмдүн жаатымды эске алсам, анда ишкананы музыкант башкарсын демекмин. Жаматты эски жана жаңы нерселерди кучагына ала турган багытка алып бара турган болуш керек.

Башка жагынан алып караганда, Аида Акматова чынында эле ата мекендик циркти жаңы тепкичке алып чыкмак деп айтат ал. Ал артист жана менеджер катары бир эле мезгилде чет элдик кесиптештери менен байланышка чыгып жана Кыргызстандын циркинин дүйнөлүк аренага чыгышына жардам бермек.

- Цирк азыр токтоп турат, - деп эсептейт мадаият ишмери. - Анын кызматкерлери эптеп күн көрүп келет.

10 жыл мурун Курмангазы Азыкбаев анын айтымында, Кыргызстандагы маданият жаатынын өнүгүшү тууралуу концепция жазган. Ошол долбоордун бир бөлүгү циркке арналган. Музыкант 20 кыз жана 20 баланы Кытайга мамлекеттик келишимдин негизинде окууга жиберүү керек деп сунуш кылат. Бир канча убакыттан кийин биздин өлкө жогорку кесипкөйлүктөгү адистери бар болуп калмак.

- Мен өз концепциямды маданият Министрлигине көрсөттүм, бирок андагылар дайыма менин планымды албайбыз дешет, - дейт Азыкбаев. ө аткарганга мүкүн эмес дешет. Кантип мүмкүн болбосун? Менн эгерде премьер-министр менен жекеме жеке чыксам, бул жаатта ал эчтеке билбей, менин биле тургандыгым турган иш. Ошондуктан мен жетиммин жана мүмкүн болбосо да баарына каршы келе турган билимди иштеп чыгышым керек. Бирок мен биздин балдардын күчтүүрөөк болушун каалайм. Азыр балдарды окутуу иши жетишээрлик деңгээлде начар дейт эл артисти. Жаш музыканттар ритмикалык сүрөттөрдү да окуй алышпайт, ал мурун кеңири эле таркалган болчу.

- Эгерде мени кызматка коюшса, мен баарын оңдоп көтөрмөйүнчө жумушумда түнөп калмакмын. Маданиятты Кыргызстандын визиттик карточкасы кылмайынча жаным жай алмак эмес, - дейт ал.

кечээ социалдык тармактарда телефондук сүйлөшүүнүн өнжазмасы пайда болду. 24.kg маалыматы боюнча, ал үн маданият министрини Азамат Жаманкуловдуку экен. Ал кайсы бир талапкерди цирктин директорлугуна коюуну талкуулап жатат.

Болжол менен бул үнжазма 2019-жылдын үчтүн айына чейин жаздырып алынган.

«24.kg МА кимдир бирөө мага өчөшүп жатат, түшүнө албай койдум. Слер өзүңөр көрдүңөр го, азыр ушундай кырдаал. Азыр эми маселе жөнгө салынгыча чыдай туруу керек…Эч ким жок. Мисалы, каникул мезгилинде талапкерлерди талкуулайбыз… Азыр жаңы жыл кирип келди, кимди талкууламак элек? Азыркы учурда мен көндүрө албайм. Азыр дароо жооп бергенге мүмкүнчүлүгүм жок. мен сизге айтып жатам: ал жакта муну талкуулашты, эгер мен тарабын алсам, анда мен тууралуу жаман ойлоп калышат. Алар бул ишке мени аралашкан деп ойлоп калышат. Ошондуктан Жаңы жылдан кийин акырын кырдаалды жумшартуу керек», - деп сүйлөйт министр деп божомолдогон киши.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты цирктин директорлугуна мурунку талапкер, аба гимнасткасы Аида Акматованын дайындалышы тууралуу сөзүн бергенэле.

Атактуу жаачы ким циркти башкараарын айта албастыгын, анткени муну маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов чечээрин белгилеген болчу.

- Эгерде бул дайындабай, шайлоо жолу менен чечиле турган маселе болсо, анда албетте чыгармачыл жамаат өзүнүн тандоосун кылмак, - деп эскертти ал. Мурда цирктин кызматкерлери ишмердүүлүг циркке байланышпаган адамдын директор болуп шайланышына каршы чыккандарын жарылашкан болчу.

«Бизге, артисттерге, директордун бош орунуна балетмейстер Зарылбек Алдажарбекович Молдобакировдун талапкерлиги каралып жаткандыгы белгилүү болгон, - деп жазышкан алар. - Биз анын чыгармачылык ишмердүүлүгүн баалайбыз, бирок бизге ишмердүүлүгү цирк менен байланышкан жетекчи керек, анткени циркте ондогон жылдардан бери маселелер топтолуп калды».

Авторлор балетмейстерге өзүнүн талапкерлигин алып салууну өтүнүштү, алардын оюнча, циркти бир гана аны ичинен билген киши гана сактап кала алат.

«Цирктин артистери өздөрүнүн жетекчисин тандап алышты жана биздин пикирибиз көңүл бурууга татыйт деп ишенебиз. Муну башка да талапкерлер эсине түйүп коюулары керек, анткени алар азыр чиновниктердин кабинеттерин активдүү каккылап жүрүшөт», - деп белгилешти алар.

Аида Акматова – Европанын цирк искусствосунун рекордчусу жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жаадан атуу боюнча күмүш медалдын ээси. ошондой эле ал Германия, КЭР, Италия, БАЭ жана Франция менен келишим боюнча менеджерлик кылып иштөөгө да жетишкен.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаевди бир ай мурун эреже бузгандыгы үчүн кызматтан кетиришкен.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх