Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Опера жана балет театрынын директорун кызматтан кетиришет окшойт

Маданият Министрлиги Болот Осмоновдун жоопкерчилиги тууралуу маселени келээрки жумада карашаарын билдирди

Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Болот Осмоновду ээлеген кызматынан бошотушу мүмкүн. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Vesti.kg сайтына жетекчинин жоопкерчилиги тууралуу маселе кийинки жумада каралаарын билдирди.

Ошону менен бирге, Болот Осмоновду кызманынан кетти деген маалыматтын туура эмес экендигин кошумчалады.

- Кийинки жумада театрдын ишмердүүлүгү бүтүндөй башынан аягына чейин каралат жана директорду бошотуу зарылчылыгы да каралат, - деди Жаманкулов.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайты маданият Министрлигинин башчысы премьер-министрге Болот Осмоновго сөгүш берүү сунушу менен кирээрин жазган эле. Анткени ал опера жана балет театрынын имаратында «Дота-2» компьютердик оюнунун мелдешин өткөргөн.
Мелдештин өтө тургандыгы тууралуу маалымат бир гана театрдын артисттерин эмес, коомчулукту жана депутаттарды да дүрбөлөңгө салды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх