Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Аскар Акаев Кыргызстанга келип иштеп берсе жакшы болот эле

Экс-премьер мурунку президенттин келишине тоскоол болуштун кереги жок, анын тажрыйбасынан пайдалануу керек деп эсептейт

Экс-премьер-министр Феликс Кулов Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин билимин жана тажрыйбасын колдонуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Эгерде Аскар Акаевдин Кыргызстанга келем деген ою болсо жолтоо болбош керек. - дейт ал. - Бакырчаак төөнүн бары жакшы демекчи, ал окумуштуу жана аналитик. Акаевдин өзүнө карата чыгарган бүтүмү бар, бул ар бир эле акылдуу жетекчиге мүнөздүү нерсе. Ал көп нерсени ойлонду, бирок аягына чыга алган жок. Анын тажрыйбасын жана азыр алек болуп жаткан ишин эске ала турган болсок, ал бизге көп пайда алып келмек.

Феликс Шаршенбаевич Кыргызстандын мурунку башчысы математикалык прогноздоо менен алектенээрин тактады.

- А азыр кылып жаткан ишин Кыргызстан үчүн да кылмак, - деп белгиледи Кулов. - Көптөрү Акаев Кыргызстанга жардамын тийгизбейт деп жатышат. Аны элдер чет жактан туруп деле жардам бере берсе болбойбу дешет. ооба, жардам берсе болот теориялык жактан аылп караганда. Бирок ага расмий маалыматтарды эч ким бербейт да. Ал келип, Кыргызстан үчүн иштеп берсе жакшы болмок.

Экс-премьер өткөндө эле Сооронбай Жээнбековдун мурдагы Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн башчыларын өзүнө чакыргандыгын эске салды.

Көптөрү муну президент эмнеге чогултту, аларды угуп эмне кылат дешти, - дейт ал. Бирок ал жоолугушуу учурунда өзү үчүн эч нерсе сураган жок. Ар бири өлкө үчүн эмне кылуу керектигин гана айтып жатышты.
Ошону менен бирге Кулов өзү Аскар Акаев менен байланышы жок экендигин кошумчалады.

- Мен кызматты таштап кеткенден кийинки күнү ал мага чалды. Ошондон бери биз сүйлөшө элекпиз, - деди экс-премьер-министр.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх