Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик кайсы кызматка конкурссуз өтсө болот?

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы бул тууралуу өзгөчө учурларды айтып берди

Эгерде кеп патронаттык кызмат орун тууралуу болуп жатса, анда бош орунга иштөө үчүн конкурс уюштурулбайт. Мисалы, кеңешчи, кандайдыр бир чиновниктин консультанты же жардамчылык кызматына конкурс болбойт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

- Адегенде, азыркыдай кылып, Улуттук кадрлар резервине конкурс жарыяланат, - деп айтышты маалымат кызматындагылар. - Ал эми кызмат орун пайда болгон учурда, мисалы, адилет Министрлигиндеги бөлүм башчылык, бул базадагы талапкерлер башкалардан артыкчлыыкка ээ болушат. Баары эле каалашат да. Улуттук кадлар резервине тажрыйбасы мол кадрлар кирет.

Ошондой эле кандайдыр бир саясий кызмат орунга дайындоодо конкурс жарыяланбайт, чиновник ал учурда мамлекттин же анын кайсы бир тармагынын сясатына жоопкерчиликтүү болот деп түшүндүрүштү КР МКК. Бул кыаттарга талапкерлерди президентже премьер министр дайындайт, айрым учурда эл шайлайт - алар министрлер, министрдин орун басарлары, мамлекеттик ишкананын директорлору.

- Калган катардагы кызматтан статс-катчылыкка чейинкилерине конкурс болот, - деп билдирди маалымат кызматы.

«Мамлекеттик дарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу» мйзам боюнча, паторонаттык кызматтар - бул консультанттык, кеңешчилик4 жана жардамчылык кызматтар саясий кызматка келген жактын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жараша болот.
Мамлекеттик саясий кызмат - бул кызмат өтөө процессиндеги ыйгарым укуктарын аткаруу жана саясий чечим кабыл алуу, ал нерсе саясий программанын узактыгына жараша болот жана саясий максаттарды ишке ашырууда ыйгарым укугунун алкагында жоопкерчиликтүү болот. Конституция жана башка нормативдик-укуктук актылар аркылуу бул кызмат аныкталган.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасы муниципалдык жана мамлекеттик кызматтын улуттук кадрлар резервине конкурс жарыя кылаарын берген эле. Улуттук резерв деген - бул мамлекеттик жана муниципалдык жогорку жана негизги кызматтарды ээлөөгө чогулган талапкерлердин тобу.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу» мыйзамынын 23 беренесинин 5 пунктуна ылайык, конкурс биринчи кезекте кадрлардын ички резервинде тургандардын ортосунда болот.

Улуттук резерв кызматка алууда өзгөчө (конкурссуз) тартипте алышы мүмкүн, ошондой эле саясий кызматка дайындоодо да ошондой жол менен алышат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх