Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Молдомуса Коңгантиевдин жактоочусу: Сотто утуп чыгаарыбыз турган сөз

Юрист материалдарды сотко өткөрүп берүүгө негиз жок болчу дейт

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Коңгантиевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Айыпталуучунун жактоочусу Икрамидин Айткулов чындык алар тарапта экендигин бөркүндөй көрөт.

Юрист Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бул иште генерал Коңгантиевдин күнөөсүнө далил жок экендигин баса белгиледи.

- Бул иште утуп чыгаарыбыз шексиз, анткени материалдарды сотко өткөрүп берүүгө негиз жок болчу, - дейт Айткулов.

Эске салсак, ИИМ мурунку башчысынын кылмыш ишин иликтөө 2018-жылы бештин айында аяктаган.

Молдомуса Коңгантиев Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 305 беренесинин 2б. 2,4,5 пункттары менен «Ыйгарым укугунан ашыра пайдалануу» жана 316 берене 1 б. «Шалакылык» менен айыпталып жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх