Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП Атамбаевдин эмнеге Гоага учпай калгандыгынын себебин билбейт

Экс-президент Арап Эмираттарына барып, бала чакасы менен эс алып келүүнү чечти

КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эмне үчүн эс алуу тууралуу ойлору өзгөрүп кеткендигин биле албайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Алмазбек Шаршенович кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алып, бала чакасы менен Арап Эмираттарына жөнөп кетти, - деп түшүндүрдү ал. - Алар Кыргызстанга бир жумадан кийин келишет. Бул эс алуу мурда эле ойлонуштурулган болчу, бирок эмнеге Гоага баруудан баш тарткандыгы бизге белгисиз.

Эске салсак, мурда Кундуз Жолдубаева экс-президен Гоага (Индия) барып эс алып келгени жатат деп билдирген эле. Кийинчерээк Атамбае ал жакка барбай калды. Жолдубаева кыргызстандыктарды мурдагы мамлекет башчынын бул сапарынан саясат жасабоону өтүндү.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх