Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чиновниктер тымызын жылчыктан пайдаланып, өздөрүнө жардамчыларды конкурссуз негизде алышат»

Эксперттер мындай эреже жетекчилердин мамлекеттик кызматтарга өздөрүнүн туугандарын жана тааныштарын алуусуна жардам берет дешет

Кеңешчилерди, жардамчыларды дайындоо тартиби жана чиновниктерге консультанттардын конкурссуз кабыл алынышы - бул жогорку кызматтагылардын туугандарын бош орунга алып келгенге шарт түзүүчү жылчык. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марат Казакпаев билдирди.

- Ал ошол үчүн конкурс деп аталат, анда белгилүү бир убакта атаандаштыктын негизинде тандалып алынышы керек, - деп билгилейт эксперт. Бул тандап ала турган элек.

Аны менен мурунку спикер Ишенбай Кадырбеков макул болот.

- Конкурс - бул керектүү адамды тандап алуу үчүн болгон күрөш, - дейт ал Vesti.kg.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошеванын бул тууралуу ою бир аз башкача. Консультанттар менен жардамчыларды конкурссуз эле ала берсе болот дейт.

- Жетекчи өзү тандап алганы дурус, анткени ал өзүнө ылайыктуу кишини билет да, - деп ой жүгүртөт ал. - Эгерде абийири бар, Кыргызстандын келечегин ойлогон адам болсо, анда ал өз туугандарын жана тааныштарын тартпайт. Бул жерде көбүнчө чиновниктин өзүнөн көз каранды болот. Ал эми ар кандай конкурс жана текшерүүлөр ансыз да көп.

Эске сала кетсек, мурда КР Мамлекеттик кадр кызматы бош орундарга конкурс жарыялаарын, эгерде кеп патронаттык кызмат тууралуу болуп жатса, анда конкурс болбостугун Vesti.kg сайтына билдиришкен болчу.

«Муниципалдык жана жарандык мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзам боюнча, патронаттык кызмат - бул мамлекеттик саясий кызматты ээлеген чиновниктин саясатын ишке ашыруудагы консультантынын, кеңешчисинин жана жардамчыларынын кызматы.

Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык жана жарандык мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзамынын23 беренесинин 5 пунктуна ылайык, биринчи кезекте клнкурс кадрлардын ички резервинде турган адамдарынын ортосунда болот.

Виктор Лапихин
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх