Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Мискенбаев чын куран баатырларын кантип алдап, акчаларын кытып алган

ЭКККМК «Айкөл Ала-Тоонун» мурунку жетекчилеирне карата козголгон кылмыш ишинин расмий маалыматтарын берди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы (каржы полициясы) билдирет, 2018-жылы ЭКККМК «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү арыз менен кайрылышкан. Алар ушул коомдун мурунку жетекчилигине карата чара колдонууну (Жогорку Кеңештин мурдагы дептутаты Мээрбек Мискенбаев) жана «Айкөл Ала-Тоо» мүчөлөрүнө социалдык жатан жардам катары берилген каражатты мыйзамсыз менчиктеп алган башкаруу мүчөлөрүнө чара көрүүнү суранышкан. Ошонун негизинде алдамчылык фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Ошоентип, кылмыш ишинин козголгон матеиалдарына ылайык жана «Айкөл Ала-Тоо» коомдук уюму «Т.» жоопкерчилиги чектелген коомдон кайтарымсыз материалдык жардам (көмүр) катары 2 миллион сомдук каражатты Коомдук бирикменин мүчөлөрүнө бербей мыйзамсыз түрдө сатып жиберген. Акчаны болсо чөнтөккө уруп койгон.

Мындан сырткары, тергөө амлдары болуп кылмыш иши иликтенгенде ушуга окшогон акчаны мыйзамсыз менчиктеп алган башка дагы фактылар чыккан.
Учурда тергөө амалдары болуп жатат, иш аракеттери кылмышы ишин эки тараптуу калыс иликтегенге багытталган.

ЭКККМК маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх