Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пенсионер аялды митингге катышкандагы үчүн тергөө абагына киргизишти

Кыргызстандык аялды улуттар аралык жаңжалды козуттуң деп шекшип жатышат

Активист аял өткөндө Бишкекте өткөн «кытайга каршы митингге» катышкан Гүлжамал Сапаралиева тергөө абагына камалды. Аны улут аралык кастыкты козутуу жана диний араздашууга шектеп жатышат.

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Пенсионер аялды митингде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313 беренесин бузган сөздөрдү сүйлөдүң деп айыптап жатышат.

«Бул оор кылмыш» - деп белгилешти сотто анын бөгөт коюу чарасын көрүп жаткандар. Эки айга камакка алынды. Эгерде Сапаралиеванын күнөөсү аныкталса, аны 5 жылга эркинен ажыроо күтүп турат.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту бүгүн кечкурункуга ошол митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакуловду чакырган. Азырынча күбө катары чакырылат.

Ушул себептүү Бабакулов өлкөнүн президентине, Жогорку Кеңештин спикерине жана премьер-министрге митингдин катышуучуларын куугунтуктоону токтотууну өтүнүп кайрылган.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх