Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ мурунку башчысынын уулун сабоо. Милиция шектүүнүн ооруканадан чыккан, чыкпагандыгын жашырып жатат

Чүй облустук ИИМБ мурункудай эле болжолдуу кылмышкер менен маектешүү болгон же болбогондугун жашырып жатат

Чүй облустук ИИМБ бажынын мурунку кызматкери Эмилбек Кимсановдун ооруканадан чыккандыгын жашарып жатат. Ал ИИМ мурдагы жетекчиси Молдомуса Коңгантиевдин уулу Автандил Коңгантиевди мыкаачылык менен сабаган.

Vesti.kg сайты аймактык ички иштер Башкы башкармалыгына кайрылып, Эмилбек Кимсанов менен жок дегенде маектештиңиздерби деген суроо узатты. Бирок мекеменин маалымат кызматы тергөөнүн купуялуулугуна шылтап суроого жооп берүүдөн качышты.

- Азыркыга чейин тергөө амалдары жүрүп жатат, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн так маалыматты бере албайбыз, - деп жооп берди Чүй облустук ИИМБ маалымат кызматьынын өкүлү. - Оорукана тууралуу эч нерсе айта албайм.

Эске салсак, мурда Чүй облустук ИИМБ Кимсановду суракка алууга мүмкүн болбой жатат, анткени ал Ош шаарында ооруканада стационардык дарылоо алып жатат деген болчу.

Кийинчерээк анын Автандил Коңгантиевге карата каршы арыз жазган белгилүү болду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх