«Кыргыз чоролору» Чүй облусундагы ишканаларды текшерүүгө катышты
Мамлекеттик миграция, ИИМдин кызматкерлери жана активисттер чет элдик жарандар иштеген объектилерге жөнөп кетишти
Мамлекетик миграция кызматы ИИМ жана активисттер менен биргеликте Чүй облусунагы чет элдик жарандар иштеген бир катар ишканаларына барышты.
Алгач миграция кызматынын кызматкерлери менен жарандык активисттер Токмоктогу мунайзатты кайра иштетүүчү заводго («Токмок ДМКЗ» ЖЧКсына) барышты.
Аталган ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэмдин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө ишканада Кыргызстандын 74 жараны жана Кытайдын 34 жараны иштейт экен.
«Кытайдын жарандары заводдун чөлкөмүндө жайгашкан жатаканада жашашат. 2012-жылдан бери заводдун курулушу менен аны ишке киргизүү үчүн 60 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Жыл сайын заводдо иштегендер атайын окуудан өтүп турушат. Бизнестин социалдык жоопкерчилиги маанилүү экендигин түшүнүп, жергиликтүү мектепке компьютерлерди сатып алууга, жол оңдоого көмөк көрсөтүп келет. Мындан тышкары ар кандай майрамдарды уюштурууга, аларды өткөрүүгө жардам берип келебиз», - деди ал айым.
Андан соң делегация 400 киши эмгектенген Канттагы түтүк-шыйпыр чыгарган өндөрүш кубаттуулугундагы ишканага бет алды.
Ишкананын акционери Танвир Афтабанын айтымында, бул жерде Пакистан Ислам Республикасынын 3 жараны – өзү жана эки техникалык кеңешчиси эмгектенет экен.
«Бардык жумушчулар эмгек коддекстерине ылайык катталышкан. Жарандыгына карабай, бардыгына бирдей шарттар түзүлгєн. Белгилей кетчү жагдай, эмдиги жылдан баштап Кыргыз Республикасындагы жаңы заводдун курулушун баштайбыз», - деди акционер.
Мамлекеттик миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн начальниги Бактыбек Кудайбердиев Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жумушчулардын иштөөсү боюнча жаңы эрежелер кирип жатканын эскертти.
«Мыйзам алдындагы актылар эчак даяр. Ошондуктан дагы бир жолу эске салып кетейин, жаңы эрежелерге ылайык жергиликтүү жумушчулар 80% жана чет элдик жумушчулар 20 пайызды түзмөкчү. Ошондой эле ар бир чет элдик жумушчу үчүн төлөмдөрдүн суммасы да жогорулайт. Жылына 30 миң сомду түзөт,» – деп сөзүн Кудайбердиев жыйынтыктады.
Ачык текшерүү жүргүзүү максатында «Кыргыз чоролору» коомдук кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев да чакырылган эле, ал мындай текшерүүлөрдүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.
«Мындай текшерүүлөр үзүлбөй болуп турса деген тилек. Баса, белгилей кетким келгени – биздин кыймыл инвесторлорго эч каршы эмес, бирок биздин мыйзамдар кынтыксыз аткарылышын талап кылабыз», - деди ал.
КР мамлекеттик миграция кызматы
Сүрөт www