Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Калкты тейлөө борборунун жумуштан бошотулган кызматкери «Инфокомдун» жетекчилерине илинчек таап жарыя кылды

Мамлекеттик ишканадагылар ал айыптоону ойго түшкө келбеген нерсе, негизсиз нерсе дешти

2018-жылы иштен бошотулган КТБ-2 кызматкери Эльвира Күрүчбекова «Инфоком» мамлекеттик ишканасындагы коррупция тууралуу жаңы маалыматтын үзүндүсүн бөлүштү.

Мурда Vesti.kg сайты анын мурунку жетекчисинин дарегине болгон айыптоолорун жана ишканага берген расмий комментарийин жарыя кылды эле.

Эльвира Күрүчбекованын ою боюнча, «Инфокомдун» жетекчилиги чогулган акчанын баарын мамлекеттик бюджетке которбойт.

- Эки күн мурун «Инфоком» бюджетке автоунааларга «кооз» номер сатуудан түшкөн 100 млн. сомду которду, - де билдирет Күрүчбекова. - Бул акчаоар ишкананын 11 күн ичинде гана тапкан кирешелери.

Мурунку оператордун эсеби боюнча, ар күн сайын КТБ-2 ксерокөчүрмө үчүн 5 миң сом чогултат, бланкалар, сүрөт чыгаруу жана ар түрдүү майда бараттар үчүн 5 миң сом, андан сырткары VIP-кызматтар 670 сом болот. Эгерде күнүнө 30 же 50 адам келе турган болсо, анда эң кеминде 20 миң 100 сом болот деп жазат Күрүчбекова.

- Болжол менен 30 миң 100 сом күнүнө бир эле КТБ-2 түшөт, - деп билдирет ал. - Ал эми алар болсо республика боюнча 15. Ошондо 451 миң 500 сом күн сайын, ал эми 22 жумуш күнүндө 9 млн. 933 миң сом түшөт. Буга дагы ар бир КТБ кызматкеринин 1% айлыктан кармалчу кесиптик уюмдун төлөмдөрүн кошуп койсо болот. Алардын саны 400 киши, ага борбордук аппараттын кызматкерлерин кошсок, алардын айлыктары жогорулатылган. Айдоочулук күбөлүккө, машиналардын номерлерине деген акылар, кыркылган премиялар жана кеңсе товарлары. Айтмакчы кеңсе товарлары сатылып алынат, бирок берилбейт.

Кесиптик уюмдун төлөмдөрү тууралуу КТБ-2 мурунку кызматкери кеңири токтолгусу келет. Ал акчалардын кайда кетээри албетте, Күрүчбековага белгисиз. Анткени анын айтымында, Жаңы жылдык майрамды жана жамаат менен жайкы эс алууларды ишкананын кызматкерлери өз жандарынан төлөшчү.

- Бир балага гана жаңы жылдык белекке 800 сом кесиптик уюмдан алдык, - дейт ал. - Болгону ошо. Эч кандай эсеп терүү деген жок. Баары жашыруун.

Кыскасы, КТБ-2 мурунку кыматкери «Инфокомдун» жетекчисинин жообун да келтирет, анда Талант Абдуллаевдин колу коюлган. Жайкы эс алууларды жана майрамдык салтанаттарды уюштурууга кесиптик уюм акча бөлөт, бирок акчанын тартыштыгына байланыштуу кызматкерлердин жеке каражаттарынан кошумчаланат деп жазылган.

«Бул кошумча акча кызматкерлер тарабынан каалоосуна жараша болот, администрация тарабынан мажбурлоо фактысы болгон эмес», - деп айтылат катта.

Эгерде кесиптик уюмдун төлөмдөрүнүн таржымалына келсек, анда Күрүчбекованын да айта турган сөздөрү бар:

- МКК азыркы башчысы Алина Шаикова бул кызматты мурда жетектеген, - деп түшүндүрдү ал. - 2014-жылы аны ал жерден кесиптик уюмдун төлөмдөрү үчүн иштен бошотушкан болчу. 2018-жылы ал кайрадан МКК кызматына төрайым болду, төлөмдөр дагы эле кайда кетип жатканы белгисиз. Бирок кантип белгисиз болуп калат? Кесиптик уюмдардын Федерациясындагылар мага Шаикованын курбусу адилет Министрлигинде өзүнүн кесиптик уюмун каттатып алып, төлөмдөрдү ошол жакка түшүрүп жаткандыгын айтышты. Ал жердегилер эч нерсе кыла албастыгын айтып, укук коргоо органдарына кайрылгыла деп кеңеш беришти. Алтурсун арызымды да кабыл алышкан жок.

Ошондой эле Эльвира Күрүчбекова өзүнүн жетекчилигинин 2017-жылкы паспортту алмаштыруудагы баанын арзандашына байланышкан сырын да ачып берүүнү каалайт. Анын айтымында, 2017-жылдын жалган куранынан баштапбаалар акырындык менен түшө баштады, бирок жетекчиликтен мурунку баа менен сатууну улантуу тууралуу буйрук келди. Бугу айында гана МКК сайтына эки эсе арзандатылган баа көрсөтүлүп чыга баштаганда гана документтерди мыйзамга ылайыктуу кылып бере башташты.

- «Инфоком» евронун курсуна шылтайт, евронун бул жерде кандай тийешеси бар, - дейт мурунку оператор. - Антимонополиялык комитет бааны төмөндөткөнүнө карабастан биз элдерден көп акча топтоп алдык. ЭКККМК, Башпрокуратура эч нерсе билгилери келбейт.

Мындан бир кыйла мурун, 2015-жылы КТБ-2 жаңы жабдуу алып келишкен. Бирок, Күрүчбекованын сөзү боюнча, ал кагаз жүзүндө гана жаңы болгон, ал эми чындыгына келгенде тарпы чыккан нерсе болчу. Мындай көз боёмочулук калкты тейлөө борборунун жетекчилигине жегендерин жашыруу үчүн керек болчу.

- КТБ-2 директору Кымбат Иманбекова менин берген суроолорума «ошондой кылыш керек болду» деп жооп берди, - деп кошумчалайт ал. - Мен ар түрдүү органдарга жаздым, биринен да жыйынтык чыккан жок.

Андан сырткары, Эльвира Күрүчбекова директордун буйругу менен тыңчылык кылып да көрдү. 2018-жылы бугу айында директор аны оператор Назира Оторбаеваны жашыруун видеого тартып кел деп буйруган. Видеодо анын бир башка бөлмөгө кирип, ал жерден конверттеги кардардын паспортун алып чыгып кеткендиги тартылып калган.

- Буга тыюу салынат, анткени документ жарандын өз колуна гана тапшырылат, - деп түшүндүрдү Күрүчбекова. - Бирок Иманбекова «көңүл бурба» деп койду, ага болсо эч кандай чара көргөн жок. Анткени Назира мурунку омбудсмен Кубат Оторбаевдин тууганы болот экен. Кыскасы бул жердегилердин көбү, колу жеткени эле уурулук кылышат.

Ал эми 2018-жылдын бугу айынын жыйырма төртүндөгү Б. Арапова деген жарандын коркутуп акча өндүрүү тууралуу арызына келсек, мурдагы оператор аны атайылап бир нерсеге кириптер кылып, иштен бошотууга аракет жасашкандыгын айтат.

- Бул киши болсо балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүнү сурады, ал эми анын катталган жери жана башка документтери жок экен, - дейт ал. - Ал мага өзү акча сунуштады. Анан эле Иманбекованын бөлмөсүнө кетип, ошол жактан менин үстүмөн арыз жазыптыр. Иманбекова болсо ага укугу жок болсо да күбөлүк берип салды.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы мурдагы кызматкери Эльвира Күрүчбекованын айыптоолорун ойго түшкө келбеген, негизсиз нерсе деп атады.

- Муну ар түрдүү инстанциялардагы соттордун чечимдери ырастап турат, - деп жооп беришти андагылар Vesti.kg сайтына.

Ольга Федорчук
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх