«Кытайга каршы» митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакулов соттун чечимине каяша айтат
Активист өзүнө салынган айыппулдан кутулууга аракет жасай турган процесстин күнү белгиленди
Бишкектеги кытайга каршы митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакуловго 91-беренеге ылайык (тынчтык митингдердин эрежесин бузуу) 3000 сом айыппул салынган.
Бирок активист соттордун чечимине каяша берүүнү чечти. Жараян үчтүн айынын отуз биринде болот. Угуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саат 13:30 башталат.
Мурда кытайга каршы митингдин 20 катышуучуларына ушундай эле суммадагы айыппул салышкан.
Толкун Сагынова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз