Алдыда боло турган жоолугушуу Жээнбеков менен Путинди жакындаштырабы?
Орусия Федерациясынын президенти Орто Азия аймагында Орусиянын таасирин чыңдоону көздөйт деген пикирлер бар
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапары аркылуу жалган курандын орто ченинде Орто Азидагы өз таасирин чыңдайт. Мындай деген пикирди Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марс Сариев бөлүштү.
Венесуэладагы окуядан кийин дүйнөдөгү акыбал курчуп кетти, - деп белгилейт эксперт. - Кыргызстан Орусия үчүн картада тарыхый жана башка жактардан алып караганда мааниси өтө зор өлкө. Кремль бардык багытта өз позицияларын чыңдоосу зарыл.
Дагы бир саясат талдоочу Денис Бердаков болсо башкача ойлонот. Vesti.kg сайты ага комментарий үчүн кайрылганда, ал бизге буларды айтып берди.
- Кыргызстан ЕАЭС жана ЖККУ такай мүчө болуп келет, - деп эскертти ал. - Жоолугушууда балким, ошол уюмдардын алкагындагы соода-экономикалык маселелер талкууланаар. Бул күн мурунтан даярдалган эки лидердин жоолугушуусу биздин өлкө үчүн кезектеги документтерге кол коюу менен коштолсо керек.
Эки мамлекеттин башчыларынын алдыда боло турган жоолугушуусун өз алдынча жооруп жаткан көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов Vesti.kg сайтына өз оюн бөлүштү.
- Бул тымызын сүйлөшүүнүн алдын ала эмне тууралуу экендигин болжоо өтө кыйын, - дейт ал. - Владимир Путиндин алысты көрө билген саясатчы экендигиндиги шексиз. Биздин стратегиялык өнөктөшүбүз менен сүйлөшүү бизге пайда гана алып келет. Ал эми геосаясий жактан алып карасак, Кыргызстан Россия менен Кытайдын бардык аймактык уюмдарына кирип, кимдин этегине намаз окуурун капкачан эле аныктап койгон.
Биздин уюмдашыбыз - Орусия, жана биз АКШ башында турган батыш дүйнөсүнүн геосаясатына каршыбыз.
Сөзүнүн аягында Мамытканов жакындап келе жаткан эки лидердин жоолугушуусу алардын мамилелерин гана чыңдайт деп кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстандын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчсы Данияр Сыдыков мурда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакыргандыгын билдирген болчу.
Виктор Лапихин
Сүрөт www