«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга даярдык кандай?
Премьер-министрге кайсы көчөлөрдүн кесилишине видеокамералар коюлуп сыноо иретинде иштеп жаткандыктарын дайын кылышты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишкиргизүүгө даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө байланыш жана маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга кандай даярдыктар көрүлгөндүгүн айтып берди.
Анын маалыматы боюнча, 2018-жылы бештин айынын жыйрма жетисинде программалык аппараттык комплекстер Бишкектин Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине, жана шаардын 7,6 км чет жакасына, Лебединовка айылынын 10 км чет жакасына орнотулган, 2018-жылдын бештин айынын жыйырма тогузуна карата болсо Байтик Баатыр жана Манас көчөлөрүнө орнотулду. Бул комплекстер сыноо иретинде иштетилип жатат.
«2019-жылы үчтүн айынын сегизинде монтаждык жана ишке киргизүчү иштер жүргүзүлдү жана жабдууларды биринчи этап үчүн алып келүү ишке ашты. Биринчи фаза үчүн Бишкектин 10 көчө кесилиштерине, ошондой эле 17 жет жактарына жана 20 жылып жүрүүчү аппараттык программалык комплекстер менен камсыздандырылды. Долбоордун биринчи фазасы үчүн алынып келинген жабдуулардын уруксат берүүчү документтери алынды жана ошону менен катар мындан кийинки фазалардагы уруксат берилчү документтерди алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Андан сырткары жол белгилерин жаңылоо кошо жүрүп жатат», - деп дайын кылды Шаршембиев.
Ал 2019-жылы бирдин айынын он экисинде «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-фазасы бардык аймактарда сыноо иретинде ишке киргизилүүгө ниеттелип жаткандыгын белгиледи.
Өкмөт башчы мамлекеттик органдар «Коопсуз шаарды» ишке киргизүү үчүн абдан жакшы даярдык көрүп зарыл болгон чаралардын баарын көрүүлөрү керек экендигин баса белгиледи.
«Жакынкы убактарда уюштуруу-техникалык иш чаралардын баары аякташы керек. Бардык зарыл болгон инфраструктура даярдалышы керек, айыппулду администрациялоо механизми иштелип чыгуу керек. Биз мамлекеттик органдар аралык өз ара кызматташуу механизмин иштеп чыгуубуз керек, почта кызматтар, банктар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, автоинспекторлор менен автоунаа ээлери, жана алардын ролу менен жоопкерчилигин аныкташыбыз керек», - деп баса белгиледи Абылгазиев.
Премьер эрежелерди бузууну бардык жерде каттоо ишин долбоордун башталышына чейин баштоого өзгөчө көңүл бурду. Жарандар эреже бузуу кантип катталаарын, билдирүү ага кантип келээрин жана анын акысын кантип төлөөнү билүүсү зарыл.
«Ал үчүн түшүндүрүү иштерин күч алдыруу керек жана жаңы киргизилип жаткан нерсе тууралуу элге маалыматты кеңири берүү керек. Бул биздин өлкө үчүн керектүү жана маанилүү долбоор, бул бизге жол коопсуздугун камсыздоого жардам берет», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Жыйындын соңунда өкмөт башчы тийшелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
Эске салсак, Долбоорду ишке ашыруу 4 этапка бөлүнгөн, ага ылайык сүрөт жана видео жабдуулар Бишкектин 38 жерние көчө кесилиштерине коюлду жана чет жактарга 4 АПК; Чүй облусунун чет жака белине 48 стационардык АПК жана 20 жылып жүрүүчү АПК орнотулду.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www