Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Назарбаевдин тууганы Атамбаевге өз учагын берип туруу оюнан кайттыбы?

Такталбаган маалыматтарга караганда экс-президент ошол учак менен Гоага учмак. КСДП бул маалыматты четке кагат

Белгилүү казак олигархы Кайрат Сатыбалдиев Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге Гоага барып эс алып келүү үчүн өз учагын сунуш кылган. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Казакстандагы өздүк маалымат булактары билдирди.

Такталбаган маалымат боюнча, кийинчерээк ал ишкер Атамбаевге учагын берип туруу оюнан кайткан, анткени ага эки элдин ортосундагы мамилени бузба деп казакстандыктар кеңеш беришкен.

Ал ортодо КСДП рамий өкүлү Кундуз Жолдубаева жогорудагы маалыматтарды четке какты.

- Ал маалымат фейк, - деп жооп берди ал Vesti.kg сайтына.

Түшүндүрө кетели, Кайрат Сатыбалдиев - Казакстандын президенти Нурсултан азарбаевдин тууганы, Казакстандагы эң таасирдүү ишкерлердин катарына кирет. Бир нече ири компаниялардын акциялары ага тийешелүү. Андан сырткары ал ОЮЛ «Түрк элдеринин спорттук салттуу оюндарынын эл аралык Бирикмесин» башкарат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх