Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент менен премьер убада кылган стадиондун кай жерге курулаарын азырынча эч ким билбейт

Тийешелүү органдар жаңы футболдук арена кайсы жерге жайгашаарын айта алышпайт. Тийешелүү программа иштелип чыгып жатат

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунда ийгиликтүү катышып Кыргызстандын элин жана мамлекет башындагыларды кубандырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков спортчуларыбызга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жана заманбап, жаңы стадион куруп берүүнү убада кылды.

Кудум ошондой эле убаданы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев даберди. Ал футболчулар менен Ала-Тоо аянтында жоолугушуп жатып Кыргызстанга эл аралык стандартка жооп берген бир жакшы стадион куруп берүү керек деген убаданы берүүгө туура келди.
Мамлекет башчыларынын бул убадалары кыргыз элин кубандырдыю. Бирок жаңы стадион кура турган жери барбы деген суроо алиге чейин жоопсуз. Мындай аты улук курулушту ким каржылап берээри тууралуу азырынча ныпым кеп жок.

Өкмөттүн маалымат кызматына Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылганда стадиондун курулушу тууралуу сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.

- Биз буга комментарий бере албайбыз, - деп жооп беришти министрлер кабинетиндегилер.

Ал ортодо спорт , дене тарбия жана жаштар иши боюнча Мамлекеттик агенттиктин ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн начальниги Нурдин Султанбаев Vesti.kg сайтына учурда мекеме стадиондун бизнес планын иштеп чыгып жаткандыгын түшүндүрүп берди.

- Бизде азыр биринчи этап, биз азыр футбол Федерациясы менен бирдикте футболдун өнүгүүпрограммасын иштеп чыгуубуз керек, - деп айтты ал. - Ушул программанын ичине стадион дагы кирет. Жөн эле бир талааны алып, стадион кылып алып, анан аны ишке кантип киргизүүгө баш катырып отуруунун кажети барбы. Дүйнөдө мындай практика болуп жатат: адегенде баары ойлонуштурулат, логистикадан баштап, электр жана коопсуздукка чейин. Ал стадиондук кармап туруу жана өзүн өзү иштеп бага алабы деген маселелер да чечилиш керек адегенде.

Султанбаевдин сөзү боюнча, бүгүнкү күндө стадион курула турган жер Бишкектин бир жеринен аныкталган.

- Бул нерсе кандай долбоордун бекитилишинен көз каранды болот, - деп белгиледи ал. - Анткени программалар ар кандай. Мисалы, дүйнөдө 50 же 100 гектар жерди ээлеген комплекстер бар. Андан сырткары, ФИФАнын минималдуу талаптары бар, ал талаптар аткарылышы керек, эл аралык стандартка жооп бериши керек ал стадион. Стадиондун айланасында мейманкана, соода борбору жана башка дегендер болушу керек.

Сөзүнүн аягында тиейшелүү мекеменин өкүлү Кыргызстандагы футболду өнүктүрүү долбоору бир нече айдын ичинде бекитилип калаарын кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх