Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Кыргызстандагы эң күчтүү мафия - бул жерге байланышкан мафия

Айнуру Алтыбаева басып алыган амактарды инвентаризациялоо ишин аяктоону суранат

Кыргызстанда жер мафиясынын өзгөчө орду бар. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева «Кыргыз Республикасындагы мыйзам актыларына түзөтүү киргизүү тууралуу» (Жер кодексине, Салык кодексине, Трансформацияга мораторий киргизүү тууралуу мыйзамга - сугат жерди башка категорияга өткөрүү) парламенттик талкуунун жүрүшүнда билдирди.

Анын сөзү боюнча, бүгүнкү күндө басып алынган жерди инвентаризациялоо иши бүтө элек.

- Эң күчтүү мафия - бул жер мафиясы, - деп баса белгиледи Алтыбаева. - Өзгөчө 2005-жылдан кийин күчөп кетти, ошол убакта өтө көп жерлер басып алынган. Азыр болсо ал жерлерди инвентаризациялоо аягына чыга элек. Муну тезинен аяктоо керек.

Ошону менен бирге эл өкүлү бул талкууланып жаткан мыйзам долбоор боюнча өзгөртүү киргизүү сунушу жок экендигин кошумчалады.
Мыйзам долбоор үчүнчү окууда каралып жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх