Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат саламаттык сактоо Министрлигинин машинасын сатып туруп, реанимобиль сатып алууну сунуштады

Абдывахап Нурбаев мекеменин жетекчилиги кымбат машинада жүрүүгө укугу жок деп эсептейт

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтык машинасын сатып, түшкөн каражатка тез жардам үчүн карета алууну сунуштады.

- Ал кантип бети чыдап баасы 82 миң доллар болгон джипте жүрөт? - деп нааразы болот депутат. Ооруканаларда медайымдар менен санитаркалар 2 миңден 6 миңге чейин айлык алышып, тез жардамга машина жетишпей жатса мунун кылганын кара. Өткөндө дарыгерлердин оорулууну жонуна көтөрүп келишкенин уктум. Саламаттык сактоо системасында ушундай акыбал болуп атса, мекеменин жетекчиси баасы асман чапчыган кымбат машинада жүрөт.

Ал ушул маселени тийешелүү комитеттин чогулушунда кароону сунуш кылды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх