Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жазасын өтөп жаткан чет элдиктерди бошотууну сунушташты

Парламент мунапыс тууралуу мыйзам долбоорду карайт

Мунапыс тууралуу мыйзам чет элдик жарандарга да таркашы керек, анткени алар Кыргызстандын түрмөсүндө жаза өтөп жатышат. Ушундай деген сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Адам укугунун Жалпы декларациясынын 70 жылдыгына багышталган мунапыс жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылдагы саясий репрессиянын курмандыктарын эскуерүү урматы тууралуу» мыйзам дрлбоорун талкуулоо учурунда айтты.

ЖАМК өкүлү бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө 370 чет элдик жаран камалып тургандыгын эл өкүлдөрүнө маалымдады.

- Эгерде алар адам өлтүрүп жана өлкөнүн экономикасына зыян келтирбеген болсо, аларды да бошотуу керек, - деп түшүндүрдү депутат. - Башкача айтканда мен бул документке «чет мамлекеттин да жарандары» деген графаны кошууну сунуштайм.

Аталган мыйзам биринчи окууда каралганы жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх