Депутат - ИИМ башчысына: Мындан ары минтип улантканга болбойт
Кашкар Жунушалиевден милициянын кадыр баркын ордуна келтиришин өтүнүшүп, сынга алышты
Ички иштер Министрлигине тез арада реформа кылып жана милициянын аброюн калыбына келтирүү керек. Бул тууралуу депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.
- Азыр ички иштер органына ишке алып жатып анын кай жерде, кантип окуганын эч ким текшербейт, - деп белгиледи ал. - Ал эми ооруканада болсо дарыгерлер акча үчүн аларды учкучтукка да жарайт деп тактама бере берет. Ушундан улам милицияда акыбал жаман болуп жатат. Мурда милицияга кирип жатканда ата тегинен бери текшеришчү.
Депутат ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге кайрылып, бул маселени батыраак чечиңиз деп өтүндү.
- Милициянын кадыр баркын кайра ордуна келтириңиз, мындан ары минтип улантканга болбойт, - деп сөзүн бүтүрдү Келдибаев.
Вероника Малышева
Сүрөт www