Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Опера жана балет театрынын директорунун отставка тууралуу арызын премьерге берип жиберишти

Маданият министри Азамат Жаманкулов азыр бош калган орунга талапкерлер каралып жаткандыгын билдирди

Кыргыз Улуттук Академиялык Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмоновдун иштен бошоо тууралуу арызы премьер-министрге жөнөтүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

- Арзыга жекемен өзүм кол коём, ал эми сунушту премьер-министрге жөнөтөм, - деди ал. Кечээ эле жөнөткөм. Бүгүнкү күндө директорлук кызматка талапкер караштырылып жатат.

Эске салсак, опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмоновдун кызматтан кеткендиги кечээ белгилүү болгон.

Ал эмгек жамааты менен коштошуп жатып, аны иштен кеткенге арызыңды жаз деп аргасыз кылгандыгын айткандыгы билдирилди.

Маданият министри экс-директордун сөзүнө комментарий берүүдөн баш тартты.

- Мен буга комментарий бере албайм, - деп сөзүн аяктады Жаманкулов.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх