Сооронбай Жээнбеков: Биздин өлкөнү кудай колдосун жана ынтымакчылык болсун
Парламентте өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти
Президент и Жогорку Кеңеш жаңы министрлердин антын кабыл алышты. Ошентип, бүгүн каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен транспорт министри Жанат Бейшенов расмий түрдө кызматтарына киришишти.
Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн куттуктап, аларга ишинде ийгилик каалады.
- Бүгүн силер антбердиңер, силер мурун да чоң кызматтарда иштеп жүргөнсүңөр, биз силерге ишенебиз. Силердин тажрыбаңар келечекте биздин өлкөгө пайда алып келээрине ишенебиз, - деп белгиледи мамлекет башчы.
Ошону менен бирге президент депутаттарга да кайрылды.
- Жыл жаңыргандан бери биз силер менен Жогорку Кеңештин жыйындар залында биринчи ирет жоолугушуп жатабыз, - деди ал. - Мен силерге ийгиликтүү жыл каалайм. Кудай биздин элди колдоп, ынтымакчылык болсун. Бийликтин үч бутагы тең бирдиктүү иш алып барса, ийгилик болот.
Вероника Малышева
Сүрөт www