Тоо кен өнөр жайында көптөн бери иштегендер алтын казуу тармагында салыкты жогорулатууга макул болушат
«Бирок, бир гана көмүр өнөр жайына тийишпегиле»
Президент Сооронбай Жээнбеков тоо кен иштетүү тармагында салыктын ставкасын көтөрүүнү сунуш кылды. Мындай оюн ал коопсуздук Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын кен иштетүү тармагынагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чара тууралуу» жыйынында билдирди.
«Кээ бир мамлекеттерде тоо кен иштетүү тармагынын салыгы 15тен 50 пайызга чейин, ал эми биздин өлкөдө болсо 8-10 пайыз гана. Алардын ичинен көбү төлөбөйт», - деп түшүндүрдү ал.
«Кыргызкөмүрдүн» мурдагы директору Расул Үмбөталиев мамлекет башчынын сунушуна макул болот, бирок бир шарт менен. Эксперт алтын казган ишканалар салыкты толук төлөбөгөндүгүнө макул, бирок өлкөдө көмүр казуунун акыбалы башкача.
- Көмүр казуу дайыма чыгымы көп болот, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Совет доорунда бул тармак дотациялык болчу. Бир тонна казылган көмүрдүн наркы 29 рубль болгон, ал эми сатуу 12 рубль эле. Башкача айтканда 17 рублду мамлекет берчү. Көмүр өнөнр жайы бүгүнкү күндө да аянычтуу акыбалда. Анын пайдалуулугу - 10-15 пайызга барабар. Ушундай тармакка салыкты көбөйтүү - бул тармакты жоюп салууга тете болот.
Үмбөталиев мындан сырткары, бул экономикалык жактан мамлекеттик чек арага сокку болот, анткени көмүр кени кудум ошол Тажикстан менен чектешкен жерде жайгашкандыгын кошумчалады. Ал эми алтын казуу - бул таптакыр башка кеп, деп эсептейт эксперт. Бул жаатта салыкты көбөйтүүгө болот жана өтө зарыл деп ишенет ал.
- Алтын менен сейрек кездешүүчү металдарды казуунун пайдалуулугу өтө жогору, - дейт «Кыргызкөмүрдүн» экс-директор. - Республиканын жана жергиликтүү бюджетке көп көптөн төлөсүн салыкты. Сыртынан караганда бул тармак көйгөйлүүдөй көрүнө берет, эгерде тартипке сала турган болсо, баары өз жайына келет. Азыр концентратты текшертпей эле алып чыгып кетип жатышат. Бирок бул жерде алтындан башка да күмүш, жез, вольфрам жана молибден бар. Бул металдар да акча турат.
Кыргызстандын тоо кенчилердин Бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев алтын казуучу компанияларга салыкты көбөйтүүгө толугу менен макул.
- Биздин өлкөдө аларга карата салыктын ставкасы башка дүйнө мамлекеттерине караганда кыйла эле төмөн, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Ошондуктан бир аз көтөрүп койсо андан инвесторлордун эч жери деле кемип кетпейт.
Ольга Федорчук
Сүрөт www