«Опера жана балет театрында карышкырлар отурушат, жаңы директор бир жылдан ашык отура албайт»
Эл артисти маданий мекемеге дайындалган жаңы жетекчи тууралуу жакшы пикир айткан жок
Каримберди Тураповдун колунан ырчылык келбеди, ошондуктан эми ал чиновник болууну чечти. Мындай ойду Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын эл артисти Курмангазы Азыкбаев айтты.
- Турапов Улуттук филармониядагыдай «жеңил оокатты» издеп жүргөн, анысын тапты, - деп белгиледи ал. - Бирок Улуттук опера жана балет театрында карышкырлар отурушат, аны тез эле жеп салышат. Мейли, кыйнала берсин. Бир жылдан ашык ал жерде отура албайт.
Курмангазы Айылчиевич Улуттук опера жана балет театры сыяктуу мекемени өнүктүрүү үчүн бир эле классикалык музыкадан түшүнүктүн болушу жетишсиз - заманбап багыттарга да кызыгуу керек.
- Биздин операнын деңгээлин көтөрүү үчүн биздин артисттерибизди чет өлкөгө жиберүү керек, - дейт ал. Ошондо алар чет мамлекетте биздин маданиятыбыз тууралуу да аларга кабар беришет. Директорлукка албетте бир ишкерди коюш керек эле, кантип өнүктүрштү биле турган жана ырчыларды кантип колдоого алуунун сырын билген киши болсо болмок. Жакшы байланыштары бар менеджерлик жана продюссерлик система түзүү керек. Цирктеги акыбал да кудум ушундай. Жаштарды чет өлкөгө жибергиле, окуп билим алып келсин. Ошондо биздин өз кадрларыбыз болуп калат да, чет жактардан кадр чакырбай калабыз.
Эске салсак, кечээ премьер-министр Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрына жаңы директорду дайындады.
Мурунку директор Курманбек Осмонов кызматынан өз калоосу менен арыз жазып кетти, биро ага басым жасалгандыгы билдирилди.
Мурда Осмонов маданий мекемеге DOTA-2 компьютердик оюнунун мелдешин өткөрүп жаңжалдын чок ортосунда калган эле. Бул ккомдук кеңири резонанс жараткан.
Вероника Малышева
Сүрөт www