ЖКККМК да «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдойбу? (аудио)
«Социал-демократтардын» өкүлүнүн Нарын облусунун аппарат жетекчиси менен болгон экс-президентке каршы акция тууралуу сүйлөшүүсүнүн үн жазмасы
«Социал-демокарттар» мамлекеттик кызматкерлердин экс-президентке каршы мыйзамсыз акция уюштуруп жатышкандарына нааразы.
Кыргызстандагы кээ бир муниципалдык жана мамлекеттик чиновниктер мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды бузуп «Атамбаевсиз КСДП» ураанынын астында өтүп жаткан акцияга катышкан. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КСДП мүчөсү Рита Борбукеева билдирди.
Анын айтымында, бардык фактылар катталып жана мамлекеттик администрация жетекчилигинин кароосуна жөнөтүлгөн.
- 2018-жылы бештин айынын алтысында мен фейсбуктан Бишкек мэриясынын аппарат башчысы балбак Түлөбаевге бир катар фактыларды эсептеп жазып бергем, - деди Борбукеева. - Мисалы, Арча-Бешик конушунун маале башчылары МТУ №4 Бекназар жана МТУ №17 Анара Советовалар ошондой иш чаралардын бирине адамдардын келишин камсыз кылып беришти.
Бишкектин Октябрь райондук акимияттын уюштуруу жетекчиси Азамат Дороев ушундай иш чаранын уюштуруучусу болгон деген маалыматтар бизде бар. Ага акимиаттын спорт комитетинин кызматкери Рыспек Мааткабылов жардамдашкан. Ушул мамлекетттик кызматкерлердин баары мыйзамды бузушту жана жоопко тартылышы керек. Балбак Түлөбаев мага тийешелүү чараларды көрөбүз деген, бирок эч нерсе кылынган жок.
Андан сырткары, Борбукеева ушундай эле окуянын Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында болгондугун кошумчалады.
- Бул имаратта «Жаштар Ордо» деген зал бар, ошол жерде «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылдын өкүлдөрү жоолугушту, - деп тактады маектешибиз. - Мен Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен сүйлөшкңндң ал муну ырастады. Ал бул ыйгарым укуктуу өкүл тууралуу экс-депутат Дамира Ниязалиева менен сүйлөшкөндүгүн айтты. Ошондой эле, мен жаштар залынын жетекчисине чалдым, ал болсо ачкыч жетекчиликтин колунда, мен эч нерсе билбейм деп жооп берди.
Кантта да мыйзам бузуулар катталды, ал жерде жакында эле «КСДП Атамбаевсиз» деген жөө жүрүш болгон эле. Активист аялдын айтымында, ИИМ ЖКККМК кызматкерлери ал кыймылдын мүчөлөрү менен мыйзамсыз кызматташкан.
- Ал жердегилер чын куран баатырларынын эсетелигине карай жөө жүрүш кылышкан, - деп эске салды КСДП мүчөсү. - Ошол учурда ЖКККМК кызматкерлери жолду тосуп алышып, жүрүштүн андан ары кетишине жолто болушту. Биз муну мыйзам бузуучулук деп эсептейбиз жана бул боюнча ИИМ башчылыгына кайрылдык.
Ал ортодо Vesti.kg сайты Чүй облустук ЖКККББ комментарий үчүн кайрылды. мекеменин маалымат кызматы активист аялдын арызы тууралуу түшүндүрмө берди.
- Биздин кызматкерлер жолду тосушкан жок, - деп баса белгиледи милициядагылар. - Инспекторлор кесилиштерде туруп тартипке көз салып турушту. Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн кам көрүп жатышты.
Андан сырткары, активист аял «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы адилет Министрлигинде катталбагандыгына көңүл бурат.
- Ошоентсе да ал кыймыл муниципалдык жана мамлекеттик органдардан иш чара өткөрүүгө уруксат алып жатат, - деп таң калат Борбукеева. - Муну кандай түшүнсө болот? эч кандай расмий бекитүүсү жок эле уруксат бере беришеби. Аларда адилет Министрлигинде катталган логотип же бир белги жок экен. КСДПнын атынан да чыга алышпайт, анткени партиянын расмий органы аларды тааныган эмес. Бул жерде кеп конституцияга каршы уюштурууда же секта тууралуу болуп жатат.
Мэриянын аппарат жетекчиси балбак Түлөбаев Vesti.kg сайтына ага активист аял Рита Борбукееванын кайрылгандыгын ырастады.
- Ооба, ал мага фейсбук аркылуу кайрылган. Мен тийешелүү бөлүмдөргө кагаз жазып жөнөткөм, - деп жооп берди ал.
Өз кезегинде Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө «социал-демократ» аялдын айткандарын четке кагышты.
- Андай нерсе болгон жок, - деп жооп беришти ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн.
Сүрөт www