Каргашалуу жол кырсыгынын күнөөкөрү болгон милиционер азыр өлүм менен кармашууда
Бишкек ИИМБ маалыматы боюнча, алардын кесиптеши жандандыруу бөлүмүндө дагы эле оор абалда жатат
Бишкектин Анкара көчөсүндө жол кырсыгына себепкер болгон мас милиционер, мурункудай эле ооруканада оор акыбалда жатат.
Укук коргочулардын маалыматы боюнча, ал азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда.
Бишкек ИИМБ маалымат катчысы Мира Абдылдаеванын Vesti.kg сайтына билдиргенине караганда 25 жаштагы милиционерге бир нече операция кылуу керек болуп турат.
- Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, - деп тактады ал. - Алдыда 5 же 6 операция кылуу күтүп турат, азыр кылганга болбойт, анткени өтө эле алсыз. Өзү тамак иче албайт, Күнүнө 3 жолу глюкоза тамчылатышат. Кагышуунун натыйжасында ал оор жаракат алып, боору жарылган, кабыргалары 20 ашык жеринен сынган, жамбаш сөөгү да талкаланган. Андан сырткары анын көк боорун алып салышты.
Эске салсак, жол кырсыгы быйыл үчтүн айынын жыйырма биринде болгон. Мурун билдиргендей оорукананын палатасына конвой коюлган.
Бул факт КР ЖК 297 беренеси боюнча (Автоунаа колдонуу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) Бирдиктүү кылмыш реестрине катталган. Кыргыз Республикасынын жаза Кодексинин 297 беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды (кылмыш иши козголду).
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www