«Кыргызжылуулукэнергонун» башкы инженери: Сот мени актады
Эксперт мурунку кылмышкерлердин стратегиялык мааниси бар ишканаларды башкарып жатышкандарына сарсанаа болот
«Кыргыз турак жай коммуналдык бирикмеси» мамлекеттик ишканасы өкмөттүн 2017-жылы бугу айынын он алтысындагы токтомунун негизинде «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы болуп которулган.
- Бул мекеме отун-энергетика комплексиндеги эң коррупциялашкан ишкана, - дейт Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт жана коомдук ишмер Расул Үмбөталиев. - Бул ишкананын атын өзгөртүү менен эч нерсе деле өзгөрүп кеткен жок.
Адистин сөзүнө караганда, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын артында соттуулугу бар адамдар башкарып келди жана башкарып жатат.
- Бул ишкана каржы Министрлиги аркылуу жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд. 700 млн. сом субсидияларды алат, - деп белгилейт Расул Акматович. - 2006-2007 жылдары Оштун губернатору болуп мурда камалган Жанторо Сатыбалдиев дайындалган, ал эми анын орун басары Кушбак Тезекбаев болсо, дене тарбия институтун бүтүргөн. Ал мурунку Ош облусунун айылдык мектебинде дене тарбия мугалими болгон.
Эксперттин айтымында, Кушбак Тезекбаев 2007-жылы кулжа айынын он тогузунда Орусиядан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү учурунда 1,5 миллион сомду ыйгарым укугунан ашыкча пайдаланып алып алгандыгы үчүн кармалган экен.
Ал эми 2008-жылы чын куранда ал беш жылга эркинен ажыратылып күчөтүлгөн режимдеги колонияга камалган, - деп тактады Үмбөталиев. - 2013-жылы кулжа айынын жыйырма тогузунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жардыгы менен Кушбак Тезекбаев «Кыргыз турак жай коммуналдык бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган. Анын орун басары Нургазы Нишанов жана кеңешчиси Тыныбек Козубаев болот.
Кыргыз Республикасынын ИИМ маалымат аналитикалык борборунун 2013-жылдын теке айынын үчүндөгү №7/2556 тактамасына ылайык, Козубаев Тыныбек Мадиевич бир нече жолу соттолгон.
- Азыркы учурда Козубаев Тыныбек «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери болуп эсептелет, - дейт эксперт. - Менимче соттулугу алынып салынса керек. Бирок мурдагы кылмышка тиейшеси бардыгы анын стартегиялык маанилүү ишкананын жетекчи кызматына иштөөгө жол бербейт болчу.
Ал ортодо Vesti.kg сайты Тыныбек Козубаевдин өзү менен байланышка чыкты. Ал өз кезегинде бул иш боюнча сот аны актагандыгын билдирди.
- Жогорку соттун чечими менен мен акталгам, эч кандай соттуулугум жок, - деп түшүндүрдү ал.
Андан сырткары Тыныбек Мадиевич Vesti.kg сайтына анын соттуулугу жок экендиги тууралуу ИИМ тактамасын көрсөттү.
Манас Көлбаев
Сүрөт www