Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда Казакстан үчүн иштеп бере турган жаш адистер көп

Коңшу мамлекет өз аянтчасын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн адистерди тартуу мыйзамына жеңилдиктерди киргизүүнү көздөп турат

Казакстанда жаш адистерге колдоо көрсөтүү мыйзамына жумшатуу киргизүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу Казак Республикасынын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Алматыдагы «Ааламдашуу дооруна сандык чакыруу 2.0» пленардык жыйынында айтып берди.

«Мурда кандай болчу? Акчаңды салып, күйүп калсаң, уурдап алдың дешкен, - деп түшүндүрдү ал. - Уурдаган учурлар болот, бирок дайыма эмес да? Катачылыкка жол жок. Биз мыйзамды өзгөртөлү деп жатабыз, анткени жаш адистер Казакстандын сандык жаатында иштөөдөн коркпошу керек».

Ал Казакстан ЕАЭБ кесиптештери менен жигердүү кызматташып жаткандыгын жана жаш адистерди тартууга даяр экендигин моюндады.

«Биз Сколкового, Казанга, Бишкекке бардык жан бардык жерде таланттуу адамдар бар, алар башка жакка чыгып иштегилери келишет, - деди ал. - Таланттуу адамдар бизге керек. Ким бизге жумуш сапары менен келсе - кош келсин. Жашаган жери так иштеген жердин жанына берилет. Каражат жагынан кам санашпасын, болгону өзү менен кошо мээсин да кошо ала келсин. Ал эми аяк оона айынын биринен баштап «Астана борбор» менен катар жаңы IT-университети ишке кирет».

Алматыда жылда өтчү «Ааламдашуу дооруна сандык чакыруу 2.0» форумунун жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Белорустун премьер-министри Сергей Румас, Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, ЕЭК төрагасы Тигран Саркисян жана маалыматтык технология жаатындагы эл аралык эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, технопарктардын жетекчилери, саясатчылар, окумуштуулар, ишкерлер катышып, баары өлкөнүн технологиялык дараметин ачуучу Евразия экосистемасындагы инновациялык бирдиктүү өнүгүүнү талкуулоочу аянтка чогулушту.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх