Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ысык-Көлдүн кире беришине пакеттерди тартып ала турган түмөндөгөн текшерүүчүлөрдү коюуга туура келет»

Пластикалык идиштерди биосферанын аймагына алып кирүүгө тыюу салуу мыйзамын курулай сөз деп аташты

Ысык-Көлгө пластикалык идиштерди алып кирүүгө тыюу салуудан мурун башка жагын да караштырып көрүү керек. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына эколог Сергей Криворучко бөлүштү. Ал бир депутаттын демилгесине комментарий берди.

Түшүндүрө кетели, депутат Экмат байбакпаев эреже бузуу Кодексине түзөтүү киргизүү долбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. Эл өкүлү Кыргыз Республикасынын табигый корук аймагынын чегинде тыюу салынган жерде полиэтилен баштыкчаларын жана пластикалык бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөгөндүгү үчүн жазалоону сунуштаган, ошондой эле Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында ошондой эреже бузуулар үчүн 4-категориядагы айып салууну сунуштайт.

Ошону менен бирге Байбакпаев Ысык-Көл облусунун биосфералык аймагынын чегинда полиэтилен баштыкчаларын жана пластикалык бөтөлкөлөрдү сатуу, алып кирүү жана колдонуу үчүн 3- категориядагы айып салууну сунуштайт.

Белгилей кетели, эреже бузуулардын жаңы Кодексинде 3-категориядагы айыппул физикалык жактар үчүн 5,5 миң сомду жана юридикалык жактар үчүн 17 миң сомду түзөт.

4-категориядагы айыппул физикалык жактар үчүн 7,5 миң сом жана юридикалык жактар үчүн 23 миң сомду түзөт.

Түзөтүүнүн демилгечилеринин оюнча, «мыйзам долбоор Ысык-Көлдүн кайталангыс экосистемасы бар биосфералык аймагындагы терс таасир берүүчү заттардан коргоого (тактап айтканда полиэтилен баштыкчалары жана пластикалык идиштер) жана тристтердин, калктын саламаттыгын жана айлана чөйрөнү сактоого багытталган.

«Пластикалык буюмдардын бир өзгөчөлүгү болот - алар калыбына келбей турган жаратылыш ресурстарынан жасалат (нефть, көмүр, газ). Алардын узакка чейин жок болуп кетпей тура бериши планетадагы экологияга коркунуч келтирет. Акыркы убактарда ЖМКда пластикалык пакеттер айлана чөйрөнү булгоочу фактор катары каралган статьялар чыгып жатат. Аладын айынан куштар, ташбакалар жана киттердин маалык өлүп жатышкандары айтылат», - деп көрсөтүлөт негиздөөчү тактамада.

- Депутаттар Ысык-Көлгө пластикалык идиштерди алып кирүүгө тыюу салып жаткан соң, өлкөнүн бардык жагында тең экология бузулуп жатыптыр да, анда анын ордуна башка бир нерсе ойлоп табуу керек, - дейт Криворучко.
- Ысык-Көлгө пластикалык бөтөлкөлөрдү алып кирүүгө кантип тыюу салынаары белгизиз. Өткөрүүчү тосмо куруп, ар биринин баштыгын текшеришеби? Ал эми полиэтилен баштыкчаларды кантишет? Бул мыйзам кезектеги эле популизм.

Эколог мыйзамдын ээлери айлана чөйрөгө кам көрүп жаткан болсо, анда адегенде Ысык-Көлдүн айланасы биосфералык аймак бекен ошону такташ керек.

- ГАООСиЛХ расмий сайтында Ысык-Көлдүн аймагы биосфералык аймактын тизмесине кирбейт, - деп түшүндүрдү ал. - Парламенттин эмне үчүн пластиканы кайра иштетүүнү ойлобой, колдонууга тыюуу салып жаткандыгы түшүнүктүү. Анын ордуна крафт кагазын өндүрүп жатышат башка өлкөлөрдө. Эгерде мыйзамды айып пул иштеп тапканы чыгарышкан болсо, анда Ысык-Көлдүн кире беришине түмөндөгөн текшерүүчүлөрдү коюуга туура келет. Алар адамдарды текшерип полиэтилен баштыкча менен пластик бөтөлкөнү алып турушу керек. Ошондой түмөндөгөн текшерүүчүлөр өзүн өзү актай алабы деген да маселе бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх