Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Субаналиев Атамбаевди жек көрөөрүн бүтүндөй өлкө билет»

Эксперт мурунку президенттин атаандашын жөн жеринен чоң кызматка койбогондугун айтат

Өмүрбек Субаналиев коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып жатып, Алмазбек Атамбаев менен болгон мурунку мамилелерин унутуп, чыныгы генерал катары коррупция менен күрөшүүсү зарыл деп эсептейт саясат таануучу Бакыт Бакетаев. Мындай деген пикирин ал Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- «Комиссар Катани» деген каймана аты бар Субаналиевдин Атамбаевди жаман көрөөрүн бүт өлкө билет, - деп белгиледи ал. - Ошондуктан анын биринчи кылаар иши Атамбаевге байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок бизге азыр коррупция менен күрөшүү керек, бир жылдан бери очорулуп ордунан жыла албай жатат. Жазалоо ыкмасы жардам бербейт, системалык жылыш керек.

Бакыт Кушбекович Субаналиев элге таанымал чоң генерал, бирок ал «балта менен иштебеши керек» дейт.

- Коррупция менен «хирургиялык» жол менен эмес, «терапиялык» жол менен иштөө керек, - деп түшүндүрөт ал. - Ошондуктан чоң кызматтарга Атамбаевдин душмандарын алып келип өч алдыруу мамлекетке пайда алып келбейт деген сактануу бар.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Өмүрбек Исакович Субаналиевди дайындаган жарлыкка кол койгон.

Субаналиев Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, ички иштер министринин милдетин аткаруучу, ИИМ төрагасынын орун басары, президенттин администрациясында бөлүмдү башкарган жана башка кызматтарды аркалаган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх