Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга аскердик базанын эмне кереги бар: «Эгерде калайман башталса, ал түштүктө башталат»

Аскердик эксперттин ою боюнча, уктап жаткан Орто Азиянын террористтик уюктары биздин өлкөнүн эң негизги коркунучу

Кыргызстандын жана Орусиянын аскер кызматкерлери үчүн машыгуу базасын түштүккө куруу биринчи кезекте бизге керек. Аскерий эксперт, мурдагы Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орунбасары философия илимдеринин кандидаты Мурат Бейшеновдун ою мына ушундай.

- Эгерде бизде кандайдыр бир калайман башталса, ал түштүктө башталат, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. Ошондуктан инфраструктуранын, аскердик техниканын, өзгөчө тик учактардын болуусу бул жерде өзгөчө мааниге ээ: учактардын тоолуу жерлерде пайдасы азыраак болуп калат. Биргелешкен машыгууларды өткөрүп жана алардын ийгиликтүү ишке ашуусун иштеп чыгуу керек.

Бейшенов Кыргызстандагы машыгуу базасы террористтик топтордун бул аймакка кирип келүүсүнүн алдын алууда стратегиялык мааниге ээ. Бирок анын ачылышы тууралуу бир эле Орусия менен Кыргызстандын макулдугу эмес, коңшулар менен да акылдашуу керек. Анткени согушкерлерден коргонуу - биздин жалпы ишибиз.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин мурдагы орун басары, Кыргыз Республикасынын УКМК террорго каршы ветерандардын «Альфа» Коомдук бөлүкчөсүнүн төрагасы, эс алуудагы генерал-майор Артур Медетбеков Орто Азияда террористтик топтордун күчтөнгөндүгү - бул факт, бирок айгай салганга али эрте деп каршы болот.

- Согушкерлердин бул жакта экономикалык кызыкчылыктары бар - мисалы, курулуп жаткан Түркмөнстан - Афганистан - Индия газ түтүгү, - деп бөлүшөт ал Vesti.kg сайтына өз оюн. - Бирок алардын саны Тажикстан менен чектешкен аймакта көбөйө баштады. Андан сырткары, эгерде алар андан ары жылабыз деп аракет кылышса, кудум ошол жерден жок кылынат. Тажик Республикасынын аскердик кубаттуулугу акыркы убата аябай күч алды, анын үстүнө ал жерде орусиялык аскерлер заманбап техникалар менен жана учуучу аппараттары менен күтүп турушат.

Эгерде коркунуч Кыргызстандын аймагына жакындай турган болсо ЖККУ жана ШКУ аларга каршы тура алат деп ишенет эксперт.
- Кыргызстанга болгон коркунуч башка жакта: уктап жаткан жашыруун уюктар, алар өлкөнүн ичинде активдешип кетиши ыктымал, - деп түшүндүрдү гненерал-майор. - Ошондуктан машыгуу лагери - кеп кудум ошол машыгуу лагери тууралуу болуп жатат, ал эми аскердик база зарылчылыгы эмес. Биздин аймактагы аскердик техниканын, учуучу аппараттардын болушу эки тарапка тең пайда алыпкелет.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты Орусиядагы элчи аликбек Жекшенкулов ИТАР тАСС агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстанда аскердик машыгуучу лагер пайда болоору тууралуу айткан эле. Бул сүйлөшүү көп жылдан бери жүрүп келе жатат. Ал эми аскердик кызматташтыкты күчтөөнүн себеби Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын аймагындагы террористтик топтордун активдешүүсү болуп саналат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх