Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу кош бойлуу окуучу кыздын атасынын акыл эси ордунда экендигин текшеришет

Жетинчи класстын окуучусунун чоңойгон ичин мугалимдер эмнеге байкабагандыгын милиция түшүнүдүрөт

Жетинчи класстагы окуучу кыздын атасы мурункудай эле убактылуу кармоочу жайда турат. Экспертиза ал кишинин акыл эси соо экендигин текшерет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ИИБ маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгына байланыштуу аны кызын зордуктагандыгы үчүн тергөө абагына же ооруканага которуу тууралуу чечим кабыл алынат.

- Ал кыз мектепке барчу, азыр анын кош бойлуулугун коңшулары да, мугалимдер да байкабай калышкандыгы жана анын зордук-зомбулукка кабылышы аныкталып жатат, - деди Аширбаев. - Ошондой эле анын туугандары менен да маектешүү болуп жатат. Жабырлануучу үйдүн эң улуусу, анын кичинекей инилери да бар.

Эске салсак, Өзгөн районунда жашаган 14 жашар окуучу кыздын алты айлык боюнда бар.
Ал кызды зордуктоого психикалык жактан жабыркаган атасы шектелүүдө.

Кыздын апасы 2013-жылы оорудан каза болгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх