Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарым жылаңач моделдин көрүстөндө туруп сүрөткө түшүүсүнө милиция баа берет

Ысык-Көлдөгү чуулгандуу окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды

Көрүстөндө ич кийимчен туруп сүрөткө түшкөн моделге юридикалык баа берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ маалымат кызматы билдирди.

«Бир катар ЖМК социалдык тармактардагы мусулман көрүстөнүндө жарым жылаңач туруп алып сүрөткө түшкөн кызды талкуулаган маалыматтар жарыя боло баштады, - деп эскертишти мекемедегилер. - Сүрөт автордун өзү тарабынан чыгарылган - ал Артур Болжуров деген сүрөтчү. Автор чыгарылышты өз баракчасына жайгаштырып «Аты жок. 2008. Биринчи жолу жарыя кылып жатам» деп жазган».

ЖМК маалыматы боюнча, автордун сүрөтүнө шилтемеси менен Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Кажы-Сай айылында 2008-жылы жайында тартылган.

Маалыматтын чоо жайын аныктоо үчүн бул факт Тоң районунун ИИБ «Кылмыш жана майда кылмыштардын Жалпы реестрине катталды». Юридикалык баа берүү үчүн сотко чейинки иш аракеттер башталды.

Эске салсак, мусулман көрүстөнүндө жарым жылаңач турган модел кыздын сүрөтү социалдык тармактарда элдин нааразылык толкунун жаратты.

Бул чыгарылыш көптөгөн тармак колдонуучуларды ардантып, сүрөтчүнүнү жана модел кыздын ата жотосуна наалат айтышты. Ал сүрөттү алып салууну талап кылышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх