Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысы: Тартип бузуу Кодексине өзгөртүү киргизүү - кадимки эле көрүнүш

Кашкар Жунушалиев жаңы мыйзам чийки экендигин айтты

2019-жылы күчүнө кирген тартип бузуу тууралуу жаңы Кодекстин кемчиликтери бар. Бул тууралуу ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыкчам кызмат ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жынында айтты.

- Жаңы кодексте кемчиликтер көп, алар сынга кабылып да жатышат, - деди ал. - Бирок мен 2018-жылы бул мыйзамдар алдын ала окулуп жана өзгөртүүгө даярдалгандыгын айткым келет. Алар азыр өкмөттө каралып жатат.

Министрдин сөзү боюнча, толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү практикасы демейдеги эле көрүнүш.

- Мурда, сиздерге белгилүү болгондой, Административдик кодекс бар болчу, - деп эскерди Жунушалиев. - Ага 200 мертебе оңдоо киргизишти. Жаңы кодекс да бир аз өзгөртсөк эч нерсе болуп кетпейт. Бул кадимки эле көрүнүш.
Ошону менен бирге ал бирдин айынын он экисинен баштап «Акылдуу шаар» ишке кирээрин кошумчалады. Алгачкы күндөрү укук коргоочулар эскертүү маектерин өткөрүшөт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх