Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысы: Автоунаанын айнегин акы төлөп караңгылатуу маселеси каралып жатат

Кашкар Жунушалиев кээ бир коңшу мамлекеттерде мындай практика колдонулуп келгендигин белгилеп кетти

Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигинде автомобилдин айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди.

- Акы төлөп караңгылатууга уруксат берүү Жогорку Кеңеште айтылды, - деди ал. - Бул маселе каралып жатат. Мунун «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында кантип иштээрин изилдеп чыгуу зарыл. Тажикстанда жана башка коңшу мамлекеттерде акы төлөп айнекти караңгылатуу бар экендигин белгилеп кетким келет.

Ошону менен бирге Жунушалиев жол жана транспорт Министрлиги мыйзамсыз караңгылатуу менен күрөшүп жаткандыгын кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх