Аида Салянованын кармалган агасын АКШдан Кыргызстанга алып келишет
ИИМ Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу иштин катышуучуларына басым көрсөтүлбөйт деп ынандырат
Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов АКШ миграция кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйынында билдирди.
- Ага издөө салынган болчу, тергөөдөн качып жүргөн, - деп түшүндүрдү ал. - Учурда Салянов АКШ миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалып турат. Аны Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Ошону менен бирге ИИМ башчысынын орун басары Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу иште тиешеси бар адамдарга тергөө тарабынан басым болбойт деп ынандырды.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www