Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясына 167 миллион сом зыян келтиргендиги тууралуу документтер калкып чыкты (сүрөт)

Прокуратура Эркиндик бульварына брусчатка төшөөдө чиновниктердин кылган кылыктарын ашкере кылды

Бишкек прокуратурасы Эркиндик бульварындагы жолду калыбына келтирүүдөгү мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар маалымдады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2018-жылы чын куран айында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рыспек Сарпашевдин Бишкек мэри Албек Ибраимовго Эркиндик бульварынын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иш жүргүзүүнүн зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөндүгү билинди. Анда брусчаткаларды, отургучтарды таштанды челектерин алмаштыруу болжолдонгон. Чыгымдын сметасы 13 миллион 709 миң сомду түзгөн.

Прокуратура «бул чыгымдар муниципалдык ишкананын чыгымдарынын 2018-жылкы бюджеттик сметасында каралбагандыгын жана бул маселени ыкчам чечүү үчүн шаар бюджетинен кошумча каражат талап кылынгандыгын» белгилеп кетет. .
Мерия акчаны «Тазалыкка» бөлүп берип, каржы Министрлигинин Бишкек башкармасына керектүү сумманы таап берүүнү тапшырган. Бирок «Тазалык» муниципалдык ишканасы мэриянын жарлыгына чейин эле каржы Министрлигинин Бишкек башкармалыгына суроо кылып, мурда болжолдогон суммадан көп сумманы 14 миллион 709 миң сомду сураган.

Андан ары, мэриянын каражат бөлүү тууралуу жарлыгын күтүп тура албай, «Тазалык» төрт конкурс өткөрүп жана материал үчүн акча төлөп жиберген.

Прокуратура алардын бул иш аракеттери «Мамлекеттик сатып алуу тууралуу» мыйзамга каршы келээрин айтат. Анткени мамлекеттик сатып алуунун жылдык планында товар сатып алуу, жумуш жана кызмат көрсөтүү каралган эмес.
«Ошого карабастан, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Р. Сарпашев, мэриянын турак жай коммуналдык чарбасы башкармалыгынын начальниги Н. Касымов жана каржы Министрлигинин Бишкек башкармалыгынын начальниги И. Аденовдор бюджеттик каражаттан бөлүшүп, материалдарды сатып алышып, шаардын бюджетинде көрсөтүлбөгөн акчаларды сарпташкан», - деп түшүндүрдү көзөмөл органы.
Андан сырткары, акча бөлдүрүү үчүн тактама түзүлгөн, анда «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу» мыйзамына жана Бишкек мэриясынын «Муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо» токтомуна ылайык «Тазалык» гүлбакча, бак, отургучтар, таштанды үчүн челектерди жана тышкы ыңгайлуулуктарды камсыздоо, иштетүү боюнча аткаруучу болуп саналат.

Өз кезегинде прокуратура муниципалдык ишкана муну аткара албастыгын, анткени бул милдет «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасыныкы экендигин белгилеп кетти.

«Андан сырткары, «Тазалык» өзүнө алагн милдеттенмелерди толугу менен аткарган жок, - деп көрсөтөт көзөмөлдөөчү орган өзүнүн текшерүүсүнүн жыйынтыгында. Учурда брусчатка төшөө, тротуарга жээк коюу, ошондой эле отургучтар менен таштанды челектерду орнотуу бүтө элек».

Прокуратура текшерүүнүн жүрүшүндө эски брусчаткаларды бузууда бир нече эреже бузууларды тапты. Чыгарылып алынган эски брусчаткаларды кайра башка жерге иштетүү жагы каралган эмес.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рыспек Сарпашев брусчатканын ээси болбой туруп, өз алдынча аны жеке ишканаларга берип жиберген, - деп билдирет документте. - Ошентип, каржы Министрлигинин Бишкек башкармалыгынын начальниги Аденов, көзөмөлдөөчү вице-мэр Эркинбек Исаков, турак жай коммуналдык чарба башкармасынын начальниги Касымов, «Тазалыктын» директору Касымов Бюджеттик кодекстин тлаптарын бузушкан. Каржылык тартип бузулган учурда жана жүктөлгөн милдетти аткарбаган учурда кызматтагы адамдар жоопко тартылат.

Көзщөмөлдөө органы текшерүүнүн жыйынтыгында тийешелүү кызматтагы адамдар Бишкек мэриясына 1 миллион 167 миң 543 сом зыян келтиргендигин билдирди. Иштин бардык материалдары кылмыштардын Жалпы реестине катталып жана УКМК өткөрүлүп берилди. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх