Аида Салянованын агасын АКШдан экстрадициялоону алтургай сурашкан да эмес
Башпрокуратура ИИМ билдирүүсүн четке кагып жана Кыргызстан менен АКШ ортосунда экстрадиция тууралуу келишим жоктугун түшүндүрүп берди
Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасы Калыбек Элтуйбасовду экстрадициялоо тууралуу (экс-башпрокурор Аида Салянованын атасынын иниси) бүгүн ИИМ өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн маалымат жыйынында угузган маалымат тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет:
Жогоруда аты аталган жаранды экстардициялоо боюнча суроо АКШнын тийешелүү органдарына жөнөтүлгөн жок, анткени Кыргызстан менен АКШ ортосунда экстрадиция тууралуу келишим түзүлгөн эмес.
Ошондой эле, Башпрокуратуранын дарегине ИИМ тарабынан Элтуйбасовду экстардициялоо боюнча тийешелүү материалдар келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Башпрокуратуранын маалымат борбору
Сүрөт www