Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов: Машиналарды акы төлөп караңгылатуу ГЭС реконструкция кылганга жардам болот

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө адаттан тышкаркы сунуш жөнөтүштү

Акча түлүп автоунаанын айнегин караңгылатуудан түшкөн акчага ГЭСтерди оңдоону көздөп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди, ал өзүнүн кесиптеши Кожобек Рыспаев экөө бул сунушту өкмөткө жолдошкон.

Икрамов тыюу салынганына карабастан бүгүнкү күндө автоунаалардын айнектерин караңгылатып жатышкандарын белгилеп кетти.

- Кыргызстанда жайында ысык болот, ошондуктан менин оюмча караңгылатууга урукса берүү керек. Кээ бир адамдардын күн нуруна аллергиясы бар, - деп түшүндүрдү ал. - Андан сырткары, акыркы убактарда караңгылатылган айнек менен жүргөн автоунаанын ээлери көбөйдү. Мен караңгылатууга 200 доллардан 500 долларга чейинки өлчөмдөгү бааны коюуну сунуш кылам. Ал эми түшкөн акчага өлкөнүн гидроэлектр станцияларын оңдош керек. Антпесе ЖКККМБ түшкөн акчаларды кайда жумшап жаткандыгы белгисиз. Ушинтсек, жок дегенде бир нерсеге пайда болот.

Икрамов караңгылатылган чаптамаынын сапатын да текшерүү керектигин белгиледи.

- Кытайдын жаман караңгылаткычына эмес, жакшы Американыкына уруксат берүү керек, - деп баса белгиледи эл өкүлү. - Биз каптал айнектерди 70% жана маңдайдагы айнекти 30% караңгылатууга уруксат бере турган норманы сунуш кылып жатабыз.

Ал ортодо ИИМ алдындагы УОК мурунку төрагасы Ялкун Даутов  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде кошуна мамлекеттердеги уцшунда караңгылатууга берген уруксат жол кырсыгынын көбөйүшүнө алып келди деп эскертти.

- Менимче бул кырдаалды «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында видеобайкоолорду орноткон органдар менен биргелешип талдап көрүү керек, - деди ал. - Анткени камера ролдо отурган адамды таанышы керек болот да. Караңгылаткыч буга жолто болушу мүмкүн.

Андан сырткары, бул жолдогу өлүм-житим менен кырсыктан көбөйүшүнө түрткү болушу мүмкүн. Аба ырайы жаман болуп турган учурда эч нерсе көрүнбөй калат. Эгерде алар мындай жаңылыкты киргизгилери келишсе, анда уруксат алууга чоң сумманы коюулары керек.

Ошону менен бирге алд айып пулдун суммасын көтөрүп, бирок уруксат бербеш керек деп эсептейт.

- Жакшысы мыйзамды күчүндө калтырып, төрт гана кишиге уруксат берилиши керек: президентке, премьер-министрге, ЖК спикерине жана Жогорку соттун төрагасына, - деп эсептейт Даутов. - Бул тартип бузууга ЖКККМБ көз салып жана мыйзамсыз караңгылатууга 20 миң сом айып пул салуу керек.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышкан маалымат жыйыны болуп өттү.

ИИМ башчысы учурда автоунаалардын айнегин караңгылатууга акы төлөп уруксат алуу маселеси каралып жаткандыгын билдирди.  

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх