Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мындай министрди эмнеге кармап отурушат билбейм!». ИИМ башчысын сынга алышты

Кашкар Жунушалиев болсо өзүнүн ишин канааттандырарлык деп эсептейт

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзүнүн ишин канааттандырарлык деп эсептейт. Бул тууралуу ал кечээги маалымат жыйынында билдирди.

Анткени менен генералдын бул оюна баары эле макул эмес. ИИМ жетекчисинин дарегине көп сандаган сын пикирлер айтылууда. Милиция кызматкерлери тарабынан көктөгөн мыйзам бузуулар, адам өмүрүн алган жол кырсыктары, зордуктоолор ж.б. кыргызстандыктардын нааразычылыктарын туудурду.

Белгилүү юрист, күч түзүмүнүн мурдагы кызматкери, мурдагы башпрокурор Аида Салянованын кызыкчылыгын коргогон Улан Жумаков Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ички иштер министринин ишине жаман деген бааны берди.

- Бүгүн биз тармактарда өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коркуп жатышкан жарандардын чакырыктарына күбө болуп отурабыз, - деп белгиледи Жумаков. - Жаңылыктардан көп учурда милиция кызматкерлерин көрүп калып жатабыз: бирде укук коргоо органынын кызматкерлери шантаж кылып жатса, бирде алар зордуктоо сыяктуу оор кылмышка катышат… Айрыкча акыркы болуп өткөн жол кырсыгы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Андан сырткары, начальниги кол астындагыларды уруп, жаңжал болду. Бул жерде жетекчилик тарабынан тартиптин эң начар уюшулгандыгы көрүнүп турат. ИИМ башчысынын ишине эки деген баа берсек жарашат.

Юристтин сөзү боюнча, бүгүнкү күндө ички иштер Министрлиги өздүк курамдын арасында тартипти орнотуусу зарыл.

- Бир нече күндүн ичинде тартипке келтирип койсо болот, бир гана саясий эрк керек, -деп баса белгиледи ал. - Мен али кылмыш чөйрөсү менен болгон күрөшкө багытталган чаралар тууралуу кеп кыла элекмин, жок дегенде кызматкерлердин арасындагы тартипти оңдоп алышса.

Мен премьер-министр менен коопсуздук Кеңешинин реакция кылбай жаткандыгына таң калып жатам. Кечирип коюңуздар, башыбыздан ашыра ок ата башташты эми. Эмнеге мындай министрди кармап отурушкандарына айран таңмын!
Балдардын чуулгандуу өлүмү эмне үчүн ачылбай калып кетип жатат. Бирок Камила Дүйшөбаеванын иши саясатчылар аралашып кеткени үчүн гана талкуулап жатышат. Карапайым элдер эмне болот?

Коопсуздук боюнча эксперт, эс алуудагы полковник Токтогул Какчекеев тескерисинче Кашкар Жунушалиевдин ишин өнүмдүү деп атады.

- Мениче, ИИМ башчысынын иши чыны менен канааттандырарлык, - деди ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. -Биз капитализде жашап жатабыз, ал эми бул мезгилде кылмыштуулук күч алат. Кылмышкерлердин курал жарактары мыкты, сатып алууга өтө көп акчалары бар деген маалымат бар. 2018-жылы 9 айдын ичинде 20 миң кылмыш ишинин бетин ачуу - бул өтө машакаттуу иш.

Какчекеев милиционерлер тарабынан кылынган кылмыштар башка мамлекеттик органдарда да болуп жаткандыгын белгилеп кетти.

- Ал эми өздүк курамдын ичинде кылмыштуулуктун болушу - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, - деп түшүндүрдү Какчекеев. - Мындай нерсе Жогорку Кеңеште да бар. Канча адам камалды. Сот системасына нааразычылыктар бар. Өкмөттө болсо бир министрликтин жарымын камашты. Бул Кыргызстанда боло келчү нерсе.

тартип сакчыларынын кылган кылыктарынын жоопкерчилигин ИИМ башчысы тартпайт, өкмөт менен парламент тартышы керек, деп эсептейт эксперт.

- Эгерде милицияга кылмышкер кирип алган болсо, бул министрге тийешелүү иш эмес, биринчи кезекте өкмөт менен парламентке тийешелүү. Анткени ошолор мыйзам нормаларын чыгарышкан, ошонун негизинде аскерде кызматөтөбөгөн адамдар милицияга кирип жатышат, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх