Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев кызы Бермет Акаева экөө Кыргызстандын келчеги тууралуу өздөрүнүн көрөгөчтүгүн көрсөтүштү

Мурунку президент кызы экөөлөп жаңы китеп чыгарышты

Орусиянын аттын кашкасындай таанымал болгон илим жана окуу адабияты басылмасы "URSS" 2019-жылы үчтүн айында Аскар Акаев менен Бермет Акаеванын «Кыргызстан санариптик экономика жана Жаңы Жибек жолунун доорунда» деген жаңы китебинин бейнесин ачты.

Кыргызстандын келечегине жана 2020-жылдардагы муундун лидерлеринин дарегине арналган өздөрүнүн жаңы китебинде, авторлор Кыргызстандын 2030-жылдарында боло турган нерселерди сүрөттөп жазышат жана төмөнкү актуалдуу суроолорго жооп издешет:

- Кыргызстандын 2030-жылдардагы жакшы келечеги үчүн кандай стратегия зарыл?
- Кыргызстанда өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнөн алдыга кете турган стратегияны ишке ашырууга жөндөмдү маалыматтык санариптик коомду түзүүгө болобу?


- Кыргызстан билим берүү системасында 21-кылымдын чакырыктарына жооп бере ала турган револяциялык ачылышты жасай алабы?
- Кыргызстан энергиянын булагын жаратууга негизделген, экологиялык жактан таза көмүртексиз энергетикасы бар өлкөгө айлана алабы?
- Кыргызстан интернет-индустрияга негизделген төртүнчү өнөр жай революциясынын жетишкендиктерин өздөштүрүп жана арбын кирешелүү санариптик экономиканы түзүп жана аны 21-кылымдагы Жаңы Жибек жолуна пайдалуу орното алабы?

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх