Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда автоунаа ээлерин аяп коюшту. АМКЖЖ (ОСАГО) киргизбей коё турушат

Өкмөт депутаттардын демилгесин колдоп жана жаңы мыйзамды 2021-жылга калтыра туруу туура кадам болгондугун билдирди

Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарынын Кыргыз Республикасынын «Автотранспорт ээлеринин милдеттүү түрдө камсыздоо тууралуу жарандык укуктук жоопкерчилиги тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү 2021-жылга чейин кой туруу демилгесин колдоду.

Мындай чечим жылдын башынан бери күчүнө кирип жаткан жаңы Кодекстер менен мыйзамдар адамдарды зоруктуруп жибербесин деген өңүттө кабыл алынды. Бул Кодекстер менен мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип жатат, өкмөт болсо анын келечекте күчүнө киришине кызыкдар.

Андан сырткары, АМКЖЖ (ОСАГО) киргизилиши ансыз да жол эрежелерин бузууга киргизилген айып пулдардын көптүгүнөн жүдөп турган автоунаа ээлерин чочутуп албоо максатында жасалган бул кадам эң эле туура болду деп эсептейт өкмөт.

Ошого карабастан автокамсыздандырууга зарыл болгон бардык нормативдик укуктук актылар бүгүнкү күндө даярдалып бүттү. Эки жылдык тыныгуу аралыгында мындан да татаал жана комплекстүү чараларды жарандардын кызыкчылыгы үчүн киргизүүгө даярдап иштеп чыгышат.

АМКЖЖ киргизүүнүн максаты жана тапшырмасы тууралуу кеңири, толугу менен түшүндүрүү жана процесстин бардык катышуучуларын камсыздандыруу зарылчыгын жеткирүү керек. Мыйзамды ишке ашыруунун бардык механизмдерин иштеп чыгуу керек.

Белгилей кетели, Кыргыз Республикасынын АМКЖЖ тууралуу мыйзамы 2015-жылы теке айынын жыйырма төртүндө кабыл алынган жана 2016-жылы бирдин айынын жетисинде ишке кирмек болчу. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 2016-жылы үчтүн айында бул мыйзам долбоорду 2019-жылга чейин коё туруу демилгеленген болчу.

2018-жылы мыйзам алдындагы бардык тийешелүү долбоорлор иштелип чыккан жана Мыйзам ишке кириши керек болчу. Анда камсыздоо тарифтерин бекитүү, камсыздандыруу эрежеси, автоматташтырылган маалымат борборунун акыбалы тууралуу жана мамлекеттик органдардын өз ара байланышы камтылган.

Бирок өкмөт бул маселеге Жогорку Кеңеш карагандан кийин гана бул маселеге кайрылып келебиз деген чечим кабыл алды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх