Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коопсуздук Кеңешинде айтылган «Үрөй учурган фактылар» бир аз окшошпой калды

Тоо кен иштетүү тармагына сокку уруу менен кимдин артынан бычак уралы дешкен?

Бардык чиновниктер жетекчинин айтканын кылат, бирок бардык эле чиновник аны так жана орундуу аткара албайт. Көптөрүнүн буга кесиптик билими жетишпейт, алар жөн гана дилетанттар. Чамасы, 2019-жылы үчтүн айында өткөн тоо кен тармагынын акыбалына багышталган коопсуздук Кеңешинин жыйынында ошондай учур болду окшойт.

Эске салсак, үчтүн айынын отузунда башпрокурор Өткүрбек Жамшитов кен байлыктарды иштетүү, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы 41 лицензияны мурдагы ички иштер Министрлигинин кызматкерине берген деп билдирди. Бирк бул коопсуздук кеңешинде келтирилген «үрөй учурган» фактылар чындыгында бир шектенүүнү пайда кылды. Арийне, лицензия берүү ишкананын түздөн түз милдети, ал ишкана мурда ӨЭКМК деп аталчу. Геологиялык чалгындоо ишмердүүлүгү - өтө токелчилиги бар иш. Аны ийне менен кудук казууга салыштырууга болот. Лицензия да ошондой: берилген жүздөгөн лицензиянын ичинен бирөө гана кереккке жарайт. Жараса ошондо да. Жарабаса жок. Анткени ал берилген лицензиялар алтын кендерге берилди деген менен, чындыгында издөө үчүн берилген. Анын арты эмне менен бүткөндүгүн бир кудай өзү билет. Башкача айтканда ал жерде чыныгы алтын жок. Анда компания эмнеге бир нече лицензияны алат? Изилдөө иштерин кылуу үчүн гана. Кереги жок жерди кайра мамлекетке өткөрүп берип, ал эми келечеги бар аймакта ишти улантуу үчүн.
Келигиле, бул лицензиянын берилүү таржымалына кайрылалы. Жооп эң жөнөкөй: иштеп жаткан тийешелүү мыйзам.

Ар бир лицензияга бонус төлөнгөн, анан квартал сайын лицензия үчүн кармап калган. Башкача айтканда ӨЭКМК чындыгында болушунча көп лицензия берүүгө тырышкан, анткени ошондогу премьер-министрдин алдында ушундай тапшырма бар болчу. Бонус ал да, бюджетке болушунча көп пайда алып кел! Ошондуктан өнөржайэнерго Мамлекеттик комитети болушунча көбүрөөк конкурс жана аукциондорду уюштурганга аракет жасаган.

Кээ бир кен иштетүүчүлөр бир нечеден лицензия алышкан. Ал чын. Бирок, келгиле КР «Кен балыктар тууралуу» мыйзамынын 4 главасынын 29 беренесинин 2 пунктуна көңүл буралы. Албетте үрөй уча турган, бирок анда мындай деп жазылган:
«Кен байлык иштетүүчүгө берилген кен байлыкты иштетүүгө укук берүүчү лицензиянын саны чектелбейт».

Башкача айтканда, айтылган 41 лицензия толугу менен мыйзамдын чегинде берилген. Анда ушунча айгай салуунун эмне кереги бар эле? Анын үстүнө ал лицензияларды мыйзамдуу түрдө иштеп жаткан бир нече компаниялардын директору болгон чуулгандуу милиционерге берип жатышса. Буга да мыйзам жол берет.
Андан ары жылалы: лицензияны алып сатышат. Андан соң компанияны кайрадан каттатышат. Бирок адегенде бул мыйзам бузуубу деп сурап алалы? Жок. Мыйзам буга да жол берет. Жаңы ээси мыйзамда көрсөтүлгөндөй бонусту төлөйт. Баса, лицензияны күрөөгө коюуга да мыйзам жол берет.
Анда эмнеге калп эле айгай салышат? Мындай практиканы жок кылуунун жөнөкөй эле жолу бар - ал мыйзамды өзгөртүү. Эгерде мыйзамың өзү жол берип жатса, калп эле кылмышты ачып койгонсуп айгай салуунун кажети бербы? Президенттин алдында кызмат кылгыңар келеби? Же анын артынан шыбагыңар келеби? Азыр коомдук каналдарда өнөржайэнерго Мамлекеттик комитетиндеги «үрөй учурган» фактылар тууралуу байма бай берип жатышат. Ушул максатта «нааразы болгон эксперттерди» прокурордун айыптоосун колдоого тандап алышты.

Келгиле адегенде соттордун кимдер экендигине саресеп салалы. Алар мурда прокурордун иштерине көмөк кылгандар:

- Мурунку табигый ресурстар министринин милдетин аткаруучу, минералдык ресурстар жана геология Мамлекеттик агенттигинин алдындагы УОК мурунку мүчөсү өзү ар кайсы компанияга лицензия берүүгө кызыкдар болгон. Айтмакчы, ошол иш үчүн мекеме башчысы кызматынан алынды.

- Мамлекеттик геологиянын мурунку башчысы. Кылмыш иши козголгон беш директордун бири. Компаниянын лицензиясын өзүнүн аялына мыйзамсыз бергендиги үчүн соттолгон.

Эми жыйынтык чыгаралы: коопсуздук Кеңешинин жыйынында келтирилген ӨЭКМК тууралуу фактылардын баары эле чындык эмес экен. Айыптоолор мыйзам чегинде иштеп жаткан компаниянын дарегине карата айтылган. Кылмыш деп атышкандарынын баарына мурдагы мыйзам жол берчү.

Мыйзам боюнча уруксат:
- каалаган сандагы лицензияны алууга;
- белгилүү бир убакыттан соң үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө;
- аны күрөөгө коюуга.
Ушул жерден суроо туулат: коопсуздук Кеңешинин жыйынындагылар ушул тууралуу билишти бекен?
Эгерде билишпесе ал жерде эмне кылып отурушту? Ал эми билишкен болсо, анда эмне ар нерсени ойдон чыгарып сүйлөп отурушат?

Болбосо элдерге депутаттардын ушундай жаман мыйзамдарды чыгарган келесоолугун даңазалап жатышабы? Коопсуздук Кеңешинде аталган көйгөйлөрдү чечүүгө сунуш кылынган чаралар кен иштеткендердин жана инвесторлордун түшүнбөстүгүн жаратты. Алардын ою боюнча, мындай иш аракеттер тоо кен өнөр жайынын ишин токтотуп, бул тармакка инвесторлордун бул тармакка келүүсн жана анын өнүгүүсүн токтотот.

Менимче бул документтерди даярдаган киши же кырдаал тууралуу маалыматы жок, же ушундай жол менен кимдир бирөөдөн жеке өч алууну көздөп турат.

Эми бир аз жакшы нерсе тууралуу кошуп коёлу. Коррупцияга жана чиновниктердин кылган чакчелекей иштерине карабастан тоо кен иштетүү тармагшында көп иштер кылынды. Бозумчак алтын-жез кени, Сол жээктеги Талды Булак алтын кени жана Иштамберди алтын кендери ишке киргизилди. Терексайдагы фабрика калыбына келтирилди, Куру-Тегерек кени ишке киргизилди, жана башка кендерди өздөштүрүүдөгү курулуш иштери болуп атат.
Бул тармакта эч нерсе кылынган жок дегенге болбойт. Бирок бир гана өкүнүчтүү жери, мунун баарын бийлик кылган жок...

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх