Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамовдун агасын жетекчилик кызматка мыйзамсыз дайындаштыбы?

Жогорку Кеңештин депутаты болсо «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин айткандарын четке кагат жана ушак айткандары үчүн сотко берүүнү көздөп турат

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун агасы Кумарбек Стамкулов «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалына мыйзамсыз жетекчиликке дайындалган имиш. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына билинбей калууну каалаган ишкананын кызматкери билдирди.

Ал жарандар өз кайрылууларында тийешелүү катты президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүшкөндөрүн белгилешти.

Алардын сөзү боюнча Кумарбек Стамкулов жетекчилик кызматка конкурссуз дайындалган.

«Биз 10-20 жылдан бери иштеп келе жатабыз, биздин Тазабек Икрамов сыяктуу коргоочубуз жок. Балким бизди ошондуктан дайындабай жатышабы?» Икрамов мурда Стамкулов деген фамилияда болчу, УКТ катыштыгы бардыгын жашыруу үчүн фамилиясын жашырган. Азыр «Кыргыз почтасын» өзүмдүк кылып алып, анан депутат бул жерден өз үлүшүн алып турат деген кеп бар. Анткени Стамкулов бир кезде «Замандаш» саясий партиясын кур жалак кылып, сатып кеткен дешти мамлекеттик ишкананын кызматкерлери.

Өз кезегинде Vesti.kg сайты жогорудагы айтылган маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келээрин билүү максатында комментарий үчүн депутат Тазабек Икрамовго кайрылды. Депутат фамилиясын атасынын атын тарыхта калтырыш үчүн өзгөрткөндүгүн эске салды.

- Мен айтпадым беле, Стамкуловдор көп, - деп белгиледи ал. - Ушул нерсе менин фамилиямды өзгөртүүгө себеп болгон. Кумарбек экөөбүз эки бир туугандын балдары болобуз. Мен анын дайындалышы тууралуу билген эмесмин. Чамасы, буйрук жакында эле чыккан бейм. Бирок ал аталган ишканадан көптөн бери иштейт, начальниктин орун басары да болуп иштеген.

Ошону менен бирге Икрамов ал ишкананы өзүмдүк кылып алганы жатат деген сөздү да четке какты.

- Кайдагы үлүш тууралуу айтып жатат? - деп ачууланды эл өкүлү. - Мен ал кишилерди ушак айткандары үчүн сотко берем.
«Кыргыз почтасы» кызматкерлеринин арызына «Замандаш» саясий партиясы да комментарий беришти.

Аталган саясий биримдиктин төрагасы Жеңиш Молдокматовдун сөзүнө караганда партиянын Стамкулов менен эч кандай араздашуусу болгон эмес.
- Кумарбек Стамкулов бир убакта партиянын теңтөрагасы болгон, саясий кеңештин мүчөсү болгон, - деп айтып берди Vesti.kg сайтына ал. Мен аны жакшы билем. Айтылган кур жалак калтырууга анын эч кандай тийешеси жок.

Ошондой эле Молдокматов азыркы убакта Стамкуловдун «Замандаш» партиясынын мүчөсү экендигин кошумчалады.

Ал ортодо Vesti.kg сайты «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматына комментарий үчүн кайрылды. Алар Кумарбек Стамкуловдун чындап эле начальник болуп дайындалгандыгын, бирок убактылуу гана экендигин билдиришти. Ал жетекчинин милдетин аткаруучу.

- Стамкулов бул кызматта эки жумадан бери иштеп жатат, - деп тактады ишканадагылар. - Бул убактылуу гана, анан конкурс болот. Жакында конкурс болуп, республика боюнча филиалдардын начальниктери ротация кылынат

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх