Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сурабалдиевдердин бизнесин тартып алганы жатышат»

Жогорку Кеңештин депутаты өкмөттөн Эльвира Сурабалдиеваны каралаган адамдарды териштирип коюуну өтүнөт

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеваны атасынын бизнесин тартып алуу үчүн каралап жатышат. Мындай деген билдирүүсү менен парламенттин жыйынында эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев сөз сүйлөдү.

- Гезиттер биздин кесиптешибизди каралап жатат, - деди ал. - Мунун баары анын атасынын бизнесин басып алуу үчүн жасалып жатат. Чындыгында 2005-жылы эмне болгонун мен билем. Өкмөттүн бул кырдаалды териштирип коюусун суранам.

Мурдараак депутат Эльвира Сурабалдиева «Азаттык» радиосуна анын атасы ишкер Сурабалдиев өлтүрүлгөн убакта, аны премьер-министр Темир Сариев коркуткандыгын айтып берген эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх